Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:18

Босния: үзүлүп турган үмүттөр, бутуна тура албай жаткан өлкө


Сараеводо өткөн Олимпиада оюндарынын элеси сүрөттөрдө гана калды

Сараеводо өткөн Олимпиада оюндарынын элеси сүрөттөрдө гана калды

Мындан туура 25 жыл мурда (1984-жылдын 8-19-февралында) мурдагы Югославиянын бир бөлүгү болгон Босния XIV-Кышкы Олимпиадалык оюндарды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн алган. “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын уктуруулар боюнча директорунун орун басары Ненад Пейич (Nenad Pejiç) 25 жыл мурдагы жана бүгүнкү күндөгү Босния тууралуу серебин жарыялады.

Ненад Пейич өз серебин 1983-жылы 8-19-февралда орун алган унутулгус окуяларды эскерүү менен баштайт.

- 1983-жылдын июнь айынын бир аптаптуу күнү эсимде: бул күнү Сараеводогу Мамлекеттик сыналгынын жаңылыктар бөлүмүндө чукул жыйын өтүп жаткан. Ал кездеги коммунисттик бийликтин айрым өкүлдөрү келип, биз XIV Кышкы Олимпиадалык оюндарды колдоо үчүн “өз ыктыярыбыз менен” бир айлык маянабызды беришибиз керектигин айтышты. Сыягы, Мамлекеттик Олимпиада комитетинде акча каражаты ошол кезде тартыш болсо керек.

“Аткаминерлердин бой көтөргөн жүрүм-туруму менин кыжырыма тийип, мен алардын сунушуна каршы добуш бердим”, деп сөзүн улантат Ненад Пейич. Бирок патриоттук сезими бардыгынын ой-санаасын бийлеп алып, натыйжада бийликке кайчы пикирди туткан жалгыз мен эле болуп калдым. Калгандары “өз ыктыяры менен” алиги сунушту колдоп беришкен.

Бирок 1984-жылы февралда Олимпиада башталган кезде мен өзүмдүн каршы берген добушум үчүн өкүнүп калдым. Башкалар сыяктуу эле мен да Босния жана Герцеговинада мыкты уюштурулган оюн үчүн сыймыктанып турдум.

Олимпиадага 49 улуттук курама командалар катышып, шаарга 1 300 спортчу келди. Бир ай бою чакан Сараево шаары дүйнөнүн чордону болду.

Даңазалуу адамдар биздин шаарга конок болуп келишти. Бардыгынын маанайы жарык, болочокко терең үмүт менен карап жатышты.

Бардыгыбыз ал кезде америкалыктар тууралуу анекдот айтып жүрдүк: алар өздөрү менен ал түгүл ажаткана кагаздарынан бери ала келишиптир.

Бир гана “душманыбыз” – аба-ырайы болду. Акыркы мүнөттөргө чейин тоолордо кар жааган жок. Бирок Олимпиада башталган күнү кар жакшылап жаап берди.

Сараево, Олимпиада, 1984-жыл

Мына эми 25 жылдан кийин ал күндөрдү элестеткен эч нерсе деле калган жоктой.

Үмүт деген нерсе Боснияны бир нече жыл мурда таштап кеткен, алигиче кайра кайтып келейин деген түрү жок. Биздин жаркын келечегибизди согуш талкалап койду.

Даңазалуу кишилер эми Сараевого дээрлик жолобойт.

Бул шаар дүйнөгө өтө ийгиликтүү уюштурулган Олимпиаданын калаасы катары гана эмес, серб күчтөрү ырайымсыздык менен басып алып, зомбулук кылган шаар катары да таанылды.

Ал түгүл ошол 1984-жылы Олимпиадалык мелдештер өткөн жайлар жайгашкан тоолор да этностук чек аралар менен жиктелип калды, деп кейип жазат Ненад Пейич.

1984-жылы босниялыктар Европа өлкөлөрүн эч визасы жок эле кыдыра алышчу. Бүгүн болсо алар чет жерди кыдыруу үчүн кыйла бюрократтык кагаздарды толтурууга аргасыз.

25 жыл мурда биз сагыз, байпак, көк түстөгү жинсы шымдарды коммунисттик Чыгыш Европадагы мамлекеттердин атуулдарына сатаар эле. Бүгүн болсо бул өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы – Евробиримдикке мүчө болуп калды, ал эми Босния бюолсо бозоруп четте калып, алдыга озуп кеткен поездге жөө кубалап жетүү үчүн алпурушууда. Азырынча анын аракети майнапсыз аяктап келет.

Жада калса Боснияны ынтымактуу кылган мурдагы патриоттук сезими да азыр үч башка чакан этностук патриоттуулукка жиктелип калбадыбы! Азырынча Босния мамлекет катары келечеги жок көрүнгөн өлкө болуп турат, деп кейийт Ненад Пейич.

Андан ары өз серебинде Пейич мырза 1984-жылы кайсы бир ресторанда болгон америкалык актер Көрк Дагластын (Kirk Douglas) ысымы менен байланышкан бир чуулгандуу окуяны эскерет. Анда дымактуу бир журналист Даглас ичкен тамагы үчүн алда канча көп акча сураган ресторандын ээси тууралуу баяндап жазган. Бүткүл Сараево шаары ызы-чуу түшүп, алиги ресторан кожоюнун сындап жатып калды. “Кантип биз Көрк Даглас сыяктуу кишини алдоого даадык экен? Дүйнө эли биз жөнүндө эмне деп ойлоп калды?” деген сыяктуу нааразы сөздөр байма-бай айтылды. Натыйжада коомдук пикирден улам бул ресторан жабылууга дуушар болгон.

Бирок бүгүн мындай алдамчылык бул өлкө үчүн кадимки көрүнүш болуп калды, ар ким эптеп жан багуунун айласын көздөп келет, дейт Пейич мырза:

- Бир нече жыл мурда жергиликтүү “мыкчегерлердин” чакан тобу 2010-жылы Кышкы Олимпиада оюндарын Сараеводо өткөрүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул демилге ишке ашып калса, өлкө бутуна туруп, эл аралык коомчулук менен мамилелерди калыбына келтирип алмак. Бирок бул идея жарга кептелген бойдон калды. Жада калса Сараево шаарынын мэри Алийа Бехмен да калаа мурдагыдай шааниге ээ болбой калганын мойнуна алат. “Бул сыяктуу идеялар арбын” деп ал “Азаттык” үналгысына ойлуу жооп берди. Атаганат, мындай сунуштарды колдой тургандай бирдиктүү мамлекеттин өзү жок болуп жатпайбы!”

Бул ой менен бөлүшкөн Ненад Пейич – “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын уктуруулар боюнча директорунун орун басары. Автордун серебинде айтылган ойлор сөзсүз эле “Азаттыктын” көз карашын чагылдырбайт.
XS
SM
MD
LG