Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Облустук гезиттер каржылык кыйынчылыкка кептелди


Ош облустук мамлекеттик акимчилигинен маалымдашкандай, кыргыз тилдүү «Ош жаңырыгы» гезитинин басмаканага, соцфондго жана эмгек маянасына карызы 900 миң сомдон ашты. Ушундай эле көрүнүш өзбекче жана орусча жарык көрүүчү «Уш садоси», «Эхо Оша» басылмаларына да таандык. Мындан ары мамлекет облустук үч гезитти каржылоону колго албаса, редакциялар жабылып калуусу да кеп эмес. Жергиликтүү эксперт Санжар Тажиматовдун көз карашы боюнча, райондук жана облустук акимчиликтер ээлик кылган гезиттерди Өкмөт өзү туруктуу каржылоого тийиш, антпесе аймактарда маалымат боштугу өкүм сүрүп, коопсуздукка коркунуч туулары шексиз. (ATo)

XS
SM
MD
LG