Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Каржы кризиси үчүн калемгерлер да жоопкерби?


Британияда айрым саясатчылар калемгерлердин каржы кризисиндеги жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүштү
Британияда айрым саясатчылар калемгерлердин каржы кризисиндеги жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүштү

Дүйнөнү каптаган каржы кризиси үчүн сараң банкирлер, алсыз жөнгө салуучулар, чиеленишип кеткен каржы инструменттери жана жоопкерсиздик менен карыз алгандар күнөөлүү экени айтылып келинген эле. Ал эми британ парламентинде болсо ушул айдын башында маалымат каражаттары менен калемгерлердин каржы кризисиндеги жоопкерчилиги талкууланды.

2007-жылдын сентябрында Би-Би-Си "Northern Rock" деп аталган банк Британиянын борбордук банкынан шашылыш насыя алып жатканын айтып чыккан. Бул кабардын эртеси эле дүрбөлөңгө түшкөн аманатчылар акчасын чыгарып кетүү үчүн банкты жапырт капташкан. Мындай көрүнүш Британияда акыркы 150 жылда биринчи ирээт орун алган эле. Натыйжада аталган банк банкрот болуп, улутташтырылган.

Ушундан бир жылдан кийин, балким кредит кризиси боюнча кырдаал өтө чыңалып турган апталарда, Британиянын Lloyds банкы атаандашы HBOSти сиңирип алуусу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген маалымат тарады. Бул экинчи банктын акцияларынын баасы кургуйга кулоосуна алып барды.

Экономикасы рецессияга кабылган Британия акыр бир жыл аралыгында ушул өңдөнгөн маалыматтарга карк эле болду. Андыктан кризистин маалымат каражаттары чагылдырылышы, журналисттик материалдардын маанайы же мазмуну кризисти кайра күчөтүп жибербедиби деген тынчыздануулар жок эмес.

Британ парламентинин депутаты Жон Пью (John Pugh) мындай дейт:

- Мен адамдар күндөлүк турмушунда сөз кылган нерселер менен кечинде жаңылыктардан угушкандарнынын ортосундагы ажырымды көрдүм. Ишкерлик менен алектенген адамдардын көбү абал оорлошуп кеткенин айтып жатышты, бирок балким кырдаал маалымат каражаттары чагылдыргандай такыр эле жаман болбосо керек. Кандай болгон күндө да маалымат каражаттары эң начар нерселерди эле алып чыгуу үчүн өжөрлөнө берсе, абал өзүнөн-өзү эле курчуйт.

Британиянын каржы чөйрөсүнө адистешкен таасирлүү журналисттеринин тобу ушул айда парламентке чакыртылып, аларга кризиске салымы, мындай учурунда калемгерлер да чектөөгө барышы керекпи же жокпу деген суроолор берилди.

Парламентке келгендер арасында Би-Би-Синин бизнес кабарчысы, каржы дүйнөсүнүн сенсациялуу жаңылыктарын башкалардын озунуп обого алып чыкканы менен таанылган Роберт Пестон (Robert Peston) да болду. 48-жаштагы Пестон мурда "The Independent", "The Daily Telegraph", "Financial Times" өңдүү гезиттерде иштеп, Би-Би-Сиге 2006-жылы келген.

Андан парламентарийлер "Northern Rock" банкынын кыйрашы үчүн жоопкерчиликти сезер-сезбешин сурашты. Анткени аталган банк Улуттук банктан чукул насыя сурап жатканы тууралуу кабарды эң биринчи болуп Пестон айтып чыккан эле. Пестон депутаттардын суроосуна жоп кылып, банктын кыйроосунда күнөөсү жок экенин белгиледи.

Аны парламенттеги угууга келген башка кесиптештери да колдошту. Аларды айтымында, туура эмес иштеген банктар журналисттерсиз деле кыйрамак. Кабарчылар болгону өз ишин аткарып, күтүлүп жаткан нерсе тууралуу күн мурунтан коңгуроо кагышты.

Экономикалык кризис учурунда журналисттердин иши балким жөнгө салуу, чектөө талап кылынып жүрбөсүн деген сунуштар болсо Британиянын медиа топтору менен калемгерлеринин ачуулантты.

Абройлуу "Financial Times" гезитинин редактору Лайонел Барбер (Lionel Barber) ушул айдын башындагы парламенттик угууда буларды айткан эле:

- Басма сөздү жөнгө салуу менен көйгөй чечилбейт. Бул тобокелчиликти башкаруу такыр эле ойрон болгонунан, жөнгө салуу жагы да иштебегенинен келип чыккан маселе. Андыктан силер жоопкерчиликти прессадан издебешиңер керек.

Айрымдар болсо маалымат каражаттары түздөн-түз кризистин өзүнө эмес, анын алдындагы жараяндарды кандай чагылдырганы үчүн көбүрөөк жооп бериш керектигин айтышууда.

Каржы чөйрөсү жөнүндө айтылган жаман кабардын кризиске салымына Британия эле көңүл буруп жаткан жери жок. Өткөн ноябрда Латвияда Дмитрижс Смирнов ысымдуу экономист жана университет мугалими эки күн камакта отуруп чыккан болчу. Ал жергиликтүү гезиттердин бири аркылуу Латвиянын улуттук акчасынын куну кетерин эскертип, элге колундагы тыйын-тыпырын алмаштырууга кеңеш берген.

Түштүк Кореяда болсо таанымал блогер беш жылга кесилиши мүмкүн. Тергөөчүлөрдүн ырастосунда, ал тарабынан таратылган жалган маалымат улуттук акчанын кескин нарксыздануусуна алып барган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG