Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Арстанбапты ичкиликсиз аймакка айландыруу аракети көрүлүүдө


Облустук бийликтен алынган маалымат боюнча Базар-Коргон районундагы Арстанбап кыштагында бир жерде гана арак-шарап сатыла турган болду. Айылда 17 миңден ашуун киши жашайт. Мечитке жыйылгандар “Хизб-ут тахрир” партиясына Арстанбапта орун жок экендигине ишендирип, жаңы жыл алдында президентке кайрылуу жиберишкен. Ал жерде ичкиликтин ден-соолук менен үй-бүлөгө кандай залал келтире турганы түшүндүрүлүүдө. Райондогу 600 түтүн жашаган 1-Май кыштагындагылар өткөн жылы 1 миллион сомдук арак-шарап ичкени эсептелип чыккан. Аталган аймактарда безгек, богок, бруцеллез, аз кандуулук, гипертония ооруларынан жабыр тарткандар бар. Мындай маалыматтар саламаттык сактоо министрлиги менен ЮСАИД агентттигинин “Здравплюс” долбоору журналисттер үчүн уюштурган көчмө жыйында белгилүү болду. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG