Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

Казакстан: оппозициячыл саясатчынын өлүмүнүн үч жылдыгы


Алтынбек Сарсенбаевдин акыркы сүрөтү

Алтынбек Сарсенбаевдин акыркы сүрөтү

Үч жыл мурда, 13-февралда Казакстанда таанымал оппозициячыл саясатчы Алтынбек Сарсенбаевди белгисиз адамдар өлтүрүп кетишкен. Бул кылмышка бийликтин тийешеси бар деген сөздөр аз эмес. “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын жаңылыктар бөлүмүнүн кызматкери Мерхат Шарипжан бул окуяга байланыштуу серебин сунуштады.

Мурда “Азаттыктын” Казак кызматын жетектеген кесиптешибиз Мерхат Шарипжан өз серебин мындай сөздөр менен баштайт:

- Мындан туура үч жыл мурда, 2006-жылы 13-февралда Алматынын чет жакасында оппозициячыл “Naghyz Aq Zhol” (“Чыныгы Ак жол”) партиясынын лидеринин сөөгү табылды деген кабар казак элин дендароо кылып чочуткан. Партия лидери Алтынбек Сарсенбаев жана анын эки шериги колдору артына байланып, жазалоо усулу менен атып өлтүрүлгөн.

Алматы шаарынын миңдеген тургундары – интеллегенция, саясий активисттер, студенттер жана башкалар Алматынын борбордук аянтына чыгып, бир чети кайгысын, экинчи чети нааразылыгын билдиришкен.

Мурдагы маалымат министри, мурдагы Коопсуздук кеңешинин катчысы, Казакстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Сарсенбаев азыркы президент Нурсултан Назарбаевдин татыктуу атаандашы катары каралып жаткан.

Сарсенбаев небереси Димаш менен, 2004-жыл
Бирок андан кийин болгон окуя ого бетер төбө чачты тик тургузган. Казак парламентинин Сенатынын аппарат башчысы Эржан Үтембаев Сарсенбаевди өлтүрүү үчүн тапшырык берген деп айыпталды. Казак бийлиги коомчулукту бул кылмыш саясий мүнөздө болбогонуна ишендирүү үчүн колдон келген бар аргасын жасады. Үтембаев жана Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринен болгон башка дагы тогуз адам айыптуу деп табылды. Расмий түрдө алар Сарсенбаевди “пенделик” жеке келишпестиктен улам өлтүрдү деп айтылган, деп жазат Мерхат Шарипжан өз серебинде.

Бирок Сарсенбаевдин үй-бүлөсү да, кесиптештери да кырсыктын мындай аныкталышы менен макул эмес.

Көптөгөн байкоочулар кылмышка Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин катышы бар го деп жоромол кылып келишти. Ал маалда президенттин күйөө баласы Рахат Алиев Улуттук коопсуздук комитетин жетектечү жана Сарсенбаевдин каршылашы катары белгилүү болчу.

Андан көп өтпөй түшкө да кирбеген окуя болуп, Рахат Алиев кайнатасы Нурсултан Назарбаев менен чатакташа кетип, өлкөдөн качып кетти. Назарбаевдин кызы Дарига күйөөсү менен ажырашкан. Учурда Рахат Алиев Австрияда бозгун болуп жүрөт.

Рахат Алиев
Өткөн жылы казак соту Алиевге 2007-жылы январда “Нурбанк” деген банктын үч ири жетекчисин барымтага алгандыгы үчүн айыптуу деп сыртынан өкүм чыгарган. Кылмыштуу окуя болгон учурда Алиев “Нурбанктын” кожоюну болчу. Уурдалгандардын бири кийинчирээк бошотулуп, калган экөө дагы эле өлүү-тирүүсү белгисиз дайынсыз кала берүүдө.

Быйыл 11-февралда казак укук коргоочулар Алматыда Сарсенбаевдин мүрзөсүнүн жанына чогулуп, анын өмүрүнөн киши колдуу ажырагандыгынын үч жылдыгын белгилешти. Алар президент Назарбаевге кайрылуу жолдоп, мурдагы кылмыш ишин кайра козгоп, Рахат Алиевди бул кылмышка байланыштуу суракка алууну өтүнүшкөн.

Бирок президент Сарсенбаевдин өлүмүн кайра иликтеп чыгууга уруксат берери күмөн. Анткени Сарсенбаев киши колдуу болгондон көп өтпөй, Назарбаев улуттук сыналгы аркылуу Үтембаевдин катын окуп берген. Ал катта Үтембаев бул кылмышка тийешеси болгонун мойнуна алган. Байкоочулардын баамында, президент Назарбаевдин сыналгы аркылуу катты окушу – бул кылмыштын саясатка тиейшеси бар деген жоромолдорго чекит коюу үчүн жүргүзүлгөн өнөктүктүн бир көрүнүшү болчу. Эгерде Үтембаевдин “пенделик” кылып, өч алууга аракеттенгени эми тастыкталбай калса, анда Назарбаев кылмышты “жабууга” умтулду деген жаманаттыга калышы ажеп эмес.

Мындан сырткары, Сарсенбаев өлтүрүлгөндөн үч ай мурда башка бир таанымал казак саясатчысын өз үйүндө атып кетишкен. Алматынын мурдагы шаар акими, Алматы облусунун акими, мурдагы чукул кырдаал министри Заманбек Нуркадиловду 2005-жылы ноябрда белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетишкен. Ал төшүнө эки жолу жана башына бир жолу ок жеген. Тергөө Нуркадилов өз жанын өзү кыйган деп расмий жарыялаган.

Заманбек Нуркадилов, 2004-жыл
Нуркадилов мырза 2004-жылы мартта президент Назарбаевге каршы ачык оппозицияга чыккан болчу.

Эгерде Сарсенбаевдин өлүмү менен байланыштуу кылмыш иши кайра ачылса, анда Нуркадиловдун өлүмүн иликтөө талабы да кайра жаңы кубат менен жанданышы ыктымал.

Маркум Нуркадилов президент Назарбаевди коррупцияга тийешеси бар деп айыптап келген. Венада аргасыздан бозгунда жүргөн Рахат Алиев да президенттин иш-аракетиндеги болжолдуу мыйзамсыз жагдайларды ашкерелеген маалымат бериши мүмкүн. Мурда бийликтин койон-жатагынан бери дурус билген киши катары Алиев Назарбаевдин жакын чөйрөсү тууралуу буга чейин ачыкталбаган бир далай нерселерди айтып бериши ажеп эмес.

Үстүбүздөгү айдын башында Рахат Алиев “Азаттыктын” Казак кызматына берген маегинде Сарсенбаевдин өлүмү тууралуу өзүнө караганда президент Назарбаев жана Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы аткаминерлери көбүрөөк маалыматка эгедер деп айткан.

- Сарсенбаевдин өлүмүнө байланыштуу Казак бийлиги тараптан азырынча эч кандай деле кыймыл болбой тургандай. Себеби келээрки жылы Казакстан ЕККУнун төрагасы милдетин аркалай баштайт, демек, ушул кезең бетке чиркөө кыла турган суроолорду козгоо үчүн ылайыктуу эмес.

Мерхат Шарипжан – “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын жаңылыктар бөлүмүнүн улук редактору жана Казак кызматынын мурдагы жетекчиси. Автордун серебинде айтылган ойлор сөзсүз эле “Азаттыктын” көз-карашын чагылдырбайт.
XS
SM
MD
LG