Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Конституциялык сот эски мыйзам менен иштеп жатат


Жаңы мыйзам долбоору дайындалып бүтүп калды, жакын арада парламентке сунушталат, деп билдирди Конституциялык соттун төрайымы Светлана Сыдыкова. Ал ошондой эле өткөн жылы Конституциялык сотко 71 кат түрүндө арыз жолдонуп, 66 адам оозеки арызданышканын, Конституциялык сот 25 отурум өткөрүп, 10 чечим чыгарганын маалымдады. СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева Конституциялык сот 1999-жылдагы мыйзам менен иштеп жатканын белгилеп, Конституциялык сотко кайрылууга ар кандай тоскоолдуктар болуп жатканын билдирди. Ал эми депутат Иса Өмүркулов Кыргызстанда он беш жылдан бери Баш мыйзам каалагандай өзгөртүлүп, аны коргоо үчүн Конституциялык сот тиешелүү иш чараларды алып бара албагандыктан Конституциялык сотко элдин ишеними жоктугун айтты. Депутат Бейшебек Акунов Кыргызстанга Конституциялык соттун кереги барбы?-деген суроо узатты. Светлана Сыдыкова Конституцияны коргоого жана сактоого Конституциялык сот керектигин билдирди. Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда Конституциялык соттун 2008-жылдагы ишинин жыйынтыгы жактырылды. (AJ)

XS
SM
MD
LG