Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:15

АКШ базасын ЖК качан толук талкуулап бүтөөрү белгисиз


Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын билдиришинче, Кыргызстандагы Кошмо Штаттардын аскерий аба базасын чыгаруу маселеси парламенттин үч комитети жана үч фракциясында талкууланышы керек. Буга чейин Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетинде каралган. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча комитеттин бул боюнча отуруму 17-феврлага белгиленген. Андан кийин эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташтык боюнча комитет талкууламакчы. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG