Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

Салык кодексине ага тиешеси жок жамааттар нааразы


Салык жана жыйымдар боюнча мамкомитеттин жетекчиси Акматбек Келдибековдун “Азаттыкка” билдиришинче, жаңы салык кодексине ар түрдүү палата, ассоциациялар нааразы болуп жатат. Мындай жамааттар эч нерсе өндүрүп чыгарбайт, сатпайт, алар ушундай талаштуу талкууларды чыгаруудан акча табат, дейт А. Келдибеков. Анын айтымында, салык кодекси боюнча бүгүнкү өкмөт жыйынына катышкандардын жыйырмадай гана пайызын ишкерлер түздү. А. Келдибеков салык ар бир атуулдун парзы болушу керектигин, салыктын эсебинен мамлекет чыңалаарын айтты. Жаңы Салык кодексинин артыкчылыгы катары кодексте буга чейинки баардык нормативдик документтердин топтолушун, андагы карама-каршылыктардын жоюлушун белгиледи. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG