Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

У.Ормонов: Манас аба базасы боюнча маселени парламент кечиктирген жок


Бул тууралуу “Ак жол” фракциясынын лидери Улугбек Ормонов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, база боюнча Жогорку Кеңештин эки комитети карап, өкмөттүн базаны чыгаруу жөнүндө токтомун колдогон, калган комитеттер жана фракциялар бул маселени жакын арада карап, убагында парламент отурумуна алып чыгат. Ал ошондой эле Жогорку Кеңеш Манас аба базасына байланыштуу АКШдан башка дагы он бир мамлекет менен келишимден чыгууну карашарын билдирди. Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров болсо АКШ Манастагы база үчүн жылыга 150 млн. доллар төлөйт дегени туура эместигин, алар жанар май жана башка чарбалык субьекттерге жумшаларын, ижара акысына болгону 17,5 млн доллар гана төлөөрүн айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG