Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

Жаңы салык кодексинин айланасында ишкерлердин нааразылыгы басаңдай элек. Ишкерлер союзунун президенти Чыныбай Турсунбеков жаңы салык кодексинен келип чыккан проблемалар жөнүндө “Азаттыкта” маек курду.

-Жаңылбасам, жаңы салык кодекси ишке кирбей жатып, нааразылыктарды көп пайда кылууда. Айтсаңыз, анда ишкерликтин өнүгүүсүнө бут тосо турган кандай беренелер бар?

- Биз учурунда эле талкуу жүрүп жатканда эле айтып, президентке чейин жазган бир канча маселелер бар болчу. Айрым бир жашыруун механизмдер дейбизби, же административдик жөнгө салуунун күчөтүлүшүнөн пайдаланып, бир сөз менен айтканда жеке адамдарга, же жеке адамдардын тобуна көз каранды болуп кала турган нерселер.

Азыркы күндө чатак эмнеден чыгып атат. Биринчи кезекте айрым министрликтерге укук берилген, мисалы патенттердин ставкаларын алар өздөрү жөнгө салыш керек болчу. Бүгүнкү күндө экинчи бир чатак чыгып атат, ишкерлер өздөрүнүн жумушчуларына төлөгөн айлыктан алына турган салык бар, киреше салыгы. Мына муну дагы алар өздөрүнүн административдик бийлиги менен чечип коюп атышат. Натыйжада муну менен алар салыктын табиятын бузуп атышат.

Бүгүнкү күндө ишкерлерди патенттердин бир канча эсеге көтөрүлүп кетиши, же болбосо айлык кирешесинен алына турган салыктын дагы өтө чоңоюп калганы тынчсыздандырып жатат. Бул биздин ишибизге да туура келбейт, жөнү жок зордуктоо деген жыйынтыкка келип атышат.

Мамлекет дайыма өндүрүштү колдош керек деп айтып келгенине карабастан, жаңы салык кодексинде, биз муну учурунда да айтканбыз, жүгүртүүдөн түшкөн салык деген бар, мына ошол сатуу салыгы, өңдүрүшчүлөргө 2 жарымдан 3 жарым пайызга чейин коюлуп, ал эми жөн алып саткандарга 1 жарым пайыз кылып коюшу дагы конкуренцияны бузууга алып келип атат.

Бул дагы бүгүнкү күндө өзүнүн кедергисин тийгизип атат. Ошондой эле мүлк салыгынын коэфициенттерин көбөйтүп, көп нерсеси такталбай жатканы көп адамдарды тынчсыздандырып атат.

Албетте, мунун баардыгы жөнгө салууга, учурунда туура чечүүгө боло турган нерселер болчу. Мынчалык чууга жеткирбей, эсептебей туруп мынча салык алабыз деп асмандын башына көтөрүп ийбей, адамдардын, ишкерлердин жүрөгүн оорутпай, кичинеден көтөргөндө мынчалыкка жетпейт болчу.

-Көп эле ишкерлер менен маектешкенибизде алар жаңы салык кодекси азыркы дүйнөнү каптап аткан каржылык кризис учурунда киргизилгени туура эмес болуп калды деп айтышат. Сиз кандай ойлойсуз?

- Жаңы салык кодексинин милдети негизинен салык жүгүн ишкерлердин айрым топторуна эле мойнуна илип койбой, жалпы ишкерлик менен алектенгендердин баарына текши илип, бирок жүктөрүн жеңилдетүү болчу. Бирок бүгүнкү күндүн натыйжасы көрсөтүп атат, жүк жеңилдебей эле көпчүлүк үчүн кыйла оордоп кетип атат.

Андай болсо бул жеңилдетилген салыктар кайда кетет, эмне үчүн мынчалык каптама салыктар, сатуудан алына турган салыктар эмне үчүн киргизилди деген суроолор пайда болуп атат.

Салык кодекси кабыл алына электе эле айтканбыз, жазганбыз, азыр да айтабыз, мунун баары тең ишкерликке өзүнүн кедергисин тийгизет. Экономика көтөрүлүш үчүн, ишкерлик өнүгүшү үчүн салык салыштырмалуу жеңил болуш керек, бардыгына бирдей конкуренциялык шарттар түзүлүш керек.

Андан кийин, албетте, салык алынуучу катмар кеңейиши керек, ошонун натыйжасында мамлекеттин казынасы дагы арыктабай жакшы иштеш керек, толуш керек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG