Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:55

Нарында АКШ аскер базасынын болочогун талкуулаган жыйын болду


«Naryn.kg» маалымат борборунда болуп өткөн жыйынга катышкан «Ата Мекен», «Ак-Шумкар» партияларынын өкүлдөрү «Гансинин» кандайдыр убакыт туруп турушун кубатташса, «Тынчтык», «Баястан» бейөкмөттөк уюмдардын лидерлери бул базанын айланасында кыргыз бийлиги дыкаттык менен саясат жүргүзүшү керектигин белгилешти. «Ак-Жол» партиясынын өкүлү Таалай Осмонов мындай кырдаалдын келип чыгышана Жогорку Кеңештин ошол учурдагы жана азыркы учурда шайланган депутаттары себепкер болду деп билдирди. Ал эми Нарын облусунун губернаторунун маалымат катчысы Айнура Темирова Кыргызстан аймагынан АКШ аскер аба базасын чыгарууну жактады. Анын айтымында береги база өз миссиясын эбак эле аяктап бүткөн. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG