Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Иракта жанкечтинин жардыруусунан 30 киши ажал тапты


Бүгүн Иракта жанкечти аял өзүн жардырып жиберип, бери дегенде отуз киши набыт болуп, бир нече адам оор жараат алды. Бул тууралуу Ирактын полициясынан кабарлашты. Алиги террорчу аял жүз миңдеген шийи зыяратчылары диний жөрөлгөнү аткаруу үчүн ыйык Кербала шаарына карай бараткан жолдо өзүн жардырып жиберген. Бул окуя Искандария жергесинде болду. Ал эми кечээки (12-февралдагы) Кербаладагы бомбанын жарылуусунан бери дегенде 8 адам мүрт кеткени кабарланган. Бул кол салуулар зыяратчылардын коопсуздугун сактоо үчүн күчтөтүгөн чараларга карабастан ишке ашырылды.

XS
SM
MD
LG