Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Каракчылардын “тузагынан” бошонгон украиндер атажуртуна кайтты


Өткөн жылы Сомалинин жээгинде каракчылар барымтага алып, кийин 3 миллион долларга бошотулган украиналык “Фаина” аттуу кеменин экипажы бүгүн Кениядан Киевге учуп келди. 17 украин, эки орус жана бир Латвиянын атуулунан турган экипажды Киевдеги аба майданында Украинанын президенти Виктор Ющенко өзү тосуп алды. Курал жарак жана согуштук жабдууларды тартып бара жаткан украиналык “Фаина” кемесин өткөн жылы сентябрда сомалилик каракчылар барымтага алган болчу.

XS
SM
MD
LG