Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Даваатчылык эми Мусулмандар башкармалыгынын уруксааты менен гана жүргүзүлөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтий Мураталы ажы Жуманов билдирди. Муфтийдин билдирүүсүндө Кыргызстанда буга чейин даваатты сексенге жакын мусулман жамааттары ишке ашырып келген. Алар даваатты үч күн, кырк күн жана төрт айлык мөөнөттө жүргүзүшчү. Эми даваат айтуу мөөнөтү да өзгөрүшү мүмкүн. Буга дейре Башкы прокуратура “Таблиги даваат” аттуу жамаатка кылмыш ишин козгогон эле. Азырынча ал иш боюнча сот чечими чыга элек. Серепчилер Борбор Азияда Кыргызстан радикалдуу исламчылар үчүн эң ыңгайлуу өлкө катары калып жатканын тынчсыздануу менен белгилеп келишет. (EK)

XS
SM
MD
LG