Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу түбөлүк жар табуу кадыресе чоң маселе. Тандап алган жарыңа өмүр бою жылуу сезимди жоготпой жашоо, ортодогу сыйлоо, түшүнүү мамилелерин сактоо дагы өзүнчө бир чоң кеп.

Эмесе кыргызга аты таанылып, оозго алынып калган белгилүү адамдар өз жарларын кандай тапты экен? Кеп нугун ошол жакка бурсак.
Жогорку Кеңештин депутаты Динара Молдошева жолдошу Мирбек менен төртүнчү курста окуп жургөн кезинде таанышкан. Динара айым шайлоонун тартиптери боюнча республикалык сынакка Бишкек гуманитардык университетинен команда түзүп барып, биринчи орунду алышкан. Ал жерден Борбордук шайлоо комиссиясына иштөөгө чакырылып, дал ошол жерден түбөлүк жары Мирбекке жолуккан. Болочок жолдошунан 14-февралда кат алып, ошол катты азыр да баалуу буюм катары сактап келет.

- Ал мага “Мен сени сүйөм деп” эч качан айткан эмес. Анан 14-февраль сүйүшкөндөрдүн күнүндө мага кат берип, өз сезимин билдирген. Бул анын айымдарга жазган биринчи каты экен. Ар бир сөзүнөн эле толкундоолорун байкадым. Азыр ал катты баалуу буюмум катары катып жүрөм. Анан 5 жыл сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. Азыр бир кыздуу болдук. Кызым эки жарым жашка чыгып калды. Сөзсүз түрдө мага мен жактырган ак роза гүлүн белек кылат. Кандай болбосун чын жүрөктөн берилген белекти баалуу деп эсептейм, - дейт Динара Молдошева.

Ал эми Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев менен жубайы Алтынай эже экөөнү тагдыр чыгармалары аркылуу жоолуктурган. Бир чети акын, бир чети сүрөтчү Алтынай эже “Жаз” деген этюду менен сынакка катышып калат. Тагдыр буюруп, ошол сынакта калыстар тобунун курамында Жоомарт Кадыралиев болот. Мына ошондон тартып алардын жолу кошулуп, чогуу түтүн булатып келишет. Эң кызыгы Жоомарт агай Алтынай эжеге түспөлдөш, окшош кыздардын сүрөтүн экөө таанышкандан мурда эле тартып койгон экен:

- Биз “Ош-3000ге” байланыштуу областтык сынакка катышып калдык. Ошол жерде Жоомарт Кадыралиев менин “Жаз” жөнүндө этюдумду абдан жактырып калыптыр. Мени болсо көрө элек, тааныбайт да эле. Кийин сыйлыктар тапшырылган соң ушул эмгектин автору ким деп сураштырып, таанышып калдык. Биз сүрөтчү кыздар Жокенин ошол кезде Р.Абдыкадыров атындагы филармонияда жасаган эмгегин бир-эки жолу көргөнү барганбыз. Анан жаңы жылга чукул колумду сурап, баш кошуп калдык. Биринчи көргөндө сүйүү сезим болгон эмес. Алгач ал кишинин чыгармачылыгына суктанып, чыгаан сүрөтчү катары таазим кылып, сыйлоо сезими болгон. Чындыгында эле мен алгач келгенде сүрөттөрүндө мага окшош кыздар көп экен. Өзү “көрдүңбү мен сени 1984-жылдары эле тартып койгом, издегем деп”, айтканда таң калгам.

Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү Азимбек Бекназаров болсо өз сүйүүсү Гүлүмкан Мамакееваны издеп көп деле убара тарткан эмес. Анткени белгилүү саясатчынын болочок жары өзүнүн классташы болгон. Майрамдарда бири-бирине белек беришчү. Алар 1980-жылы кычыраган кыш мезгилинде баш кошушкан. Учурда үч уулдун ата-энеси.

- Эми биз деле бардык эле адамдар табышкандай табышканбыз. Экөөбүз классташ болгонбуз. Чогуу окуганбуз, чогуу жүргөнбүз дегендей. Ортобузда сүйүү сезими жок болсо 30 жыл чогуу жашабайт элек да, - дейт Азимбек Бекназаров.

Кыргызстандагы эң бардар адамдардын катарына кирген “Шоро” компаниясынын президенти Табылды Эгембердиев менен жубайы Жаңыл эженин ортосунда бир көрүп жактырып калуу деген нерсе болгон эмес. Алардын ойлору, көз карашы бир чыгып бул бара-бара сүйүү сезимге алып барган. Табылды агай келинчегинин чыгармачылыгын сыйлап, колдоп, түшүнгөнүнө ыраазы болот. Ортодо бир уул, бир кыз бар.

- Өлкөдө болуп жаткан ар кандай саясий, экономикалык фактыларга көз карашыбыз, ойлорубуз бир чыгып ошонун негизинде эле сүйлөшчүбүз. Алгач ал карындаш катары, мен ага катары эле мамиледе болчубуз. Беш жыл өткөн соң ал сезимин билдиргенде мен аябай таң калдым. Анткени мен ага даяр эмес болчумун. Өзүмдүн принциптериме туура келбегендиктен бир топ эле качып, сүйлөшпөй жүргөнгө аракет кылдым. Ал киши алдына бир максат койсо артынан сая түшкөн мүнөзү бар да. Ошонун негизинен эле жүрүп-жүрүп ортобузда бир сезим пайда болду окшойт. Ошентип баш кошуп калдык.



XS
SM
MD
LG