Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Акыйкатчы адам укугу боюнча жылдык баяндамасы менен чыгат


20-февралда акыйкатчы Турсунбек Акун парламентке адам укугу жаатындагы 2008-жылдагы абал боюнча маалымат берет. “Былтыр адам укугу жаатында жетишкендиктерден да демократиялык түркүктөрдөн артка чегинүү көп орун алды.“ -дейт акыйкатчы. Ал буга былтыр жарандардын эркин жыйналуу укугун чектеген мыйзамдын кабыл алынышын, өлкөдөгү сөз эркиндигине карата басымдын орун алып жатышын далил тартты. Ал эм адам укугу жаатындагы 2008-жылдагы негизги жетишкендик катары “Кыйноолорго каршы факультативдик протоколунун” ратификацияланышын белгиледи. Турсунбек Акундун айтымында бул жолку баяндамада ал бийликтеги бир катар өкүлдөргө кескин сын менен чыгат. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG