Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Талант тагдыры: Композитор Александр Затаевич


Композитор Алекандр Затаевич (ортодо) кыргыз музыканттары Мураталы Күрөңкеев (солдо) жана Карамолдо Орозов (оңдо) менен. 1928-жыл, Москва.
Композитор Алекандр Затаевич (ортодо) кыргыз музыканттары Мураталы Күрөңкеев (солдо) жана Карамолдо Орозов (оңдо) менен. 1928-жыл, Москва.

Казак менен кыргыздын кылымдар бою кагаз бетине түшпөй, жыйналбай, ооздон-оозго көчө ырдалып, колдон-колго өтө чертилип келген элдик-салттык музыканын обондору менен күүлөрүн калк арасынан 16 жыл бою жыйнаган залкар этнограф, көрүнүктүү музыкалык изилдөөчү, сынчы, таланттуу композитор Александр Викторович Затаевич болгон.

Ал 1869-жылдын 8-мартында Россиянын Орлов губерниясындагы Болхов шаарында туулат. Ал катаал заманда жашаса да француздардын улуу гуманист жазуучусу Ромэн Ролландын “Музыка менин бактым, сүйүүмдүн гүлү, өмүрүмдүн чырагы” – деп айткан сөзүн мектеп босогосун аттап, кат тааныгандан алдына бирден-бир башкы максат кылып коет.

Дүйнөлүк жана орустун классикалык музыкасын жан дили менен сүйгөн энеси Софья Ивановадан Александр фортопеанодо ойногонду үйрөнөт. Ал 12 жашында фортопеано үчүн күүлөрдү (пьесаларды) чыгарат. Тилекке каршы Александр жетишпеген турмуштун айынан консерваторияга өтө албай Орловдогу Бахтин аскердик гимназиясында окуйт. Ал гимназияны “5” деген баа менен бүтүрөт.

1886-жылы Александр Польшага аттанат. Ал Плоцк шаарындагы ички иштеринде кызмат өтөйт. Александр басса-турса да композитор болууну эңсейт. Өз алдынча музыкалык сабатын ачат. 1896-жылы дүйнөлүк ысымдагы пианист-композитор С.В.Рахманинов менен таанышат. Ошол күндөн Александрдын бактысы музыка дүйнөсүнөн ачылат.

1904-жылдан “Варшава күндөлүгү” аттуу гезитте иштейт. Александр ал гезитте 11 жыл эмгектенет. Миңден ашык орустун композиторлору М.Глинканын, А.Даргомыжскийдин, П.Чайковскийдин, А.Бородиндин, А.Глазуновдун, М.Римский-Корсаковдун ж.б. композиторлордун чыгармачылыктарына арналган макалаларды, концерттер, оюндар тууралуу сын макалаларды, пикирлерди, музыка жөнүндө фельетондорду жазат. Ошентип Александр маданий сынчы катары да таанылат.

Александр 1915-жылы Польшадан Москвага чейин темир жолдун Элдик Банкынын бөлүмүндө иштейт. 1920-жылы Александр Викторович өсүп өнгөн Оренбург шаарына келет. Жаз айы. Күндөрдүн биринде музыкалык театрдан казактын “майрамдык күүсүн” угат. Байыркы эки кылдуу, көп сырдуу домбранын кубулжуган мукамдуу үнүн Александр Викторович алгачкы жолу угуп, толкундуу сырга батат. Күүнүн кереметтүү кайрыктары таң калтырат.

Александр Викторовичтин бул күүнү угушу менен чыгармачылыгынын жаңы баракчасы ачылат. Ал казак деген ат менен кошо жаралган элдин ысыгы менен суугун, кайгы менен кубанычын, өкүнүчү менен өксүгүн ырга кошуп, күүгө салып келаткан ырларын, күүлөрүн жыйноого аттанат.

Ал 1920-23-жылдын аралыгында азыркы казактын эл артисти Гарифулла Курмангалиев ырдаган “Желдирмедей” элдик ырлардын миң үлгүсүн ошол кездеги Казакстандын борбору болгон Оренбургка ар кандай жумуштар менен келишкендерден, конференциянын катышуучуларынан, курстардын угуучуларынан, ырчылардан жазып алат.

Затаевичтин кол тие элек ата мурастарды түбөлүккө калтырып, дүйнө элдерине тааныштырууга болгон аракетин ырчылар Ергали Алдунгаров, Алма Уразбаева, Сара Есова, Губайула Мухитов ж.б. колдон-буттан ала колдошуп, ырчыларды таап келип жаздырышат. Өздөрү да ага билген ырларын аткарышып, нотага түшүрүшөт.

Сара Есованын Затаевич жөнүндө жазган эскерүүсүнөн:

“Таанымал этнограф-музыка изилдөөчү, казактын ырлары менен күүлөрүн талыкпай чогулуткан А.В.Затаевич менен мени мугалим ырчы Алма Уразбаева тааныштырды. Александр Викторович Алма экөөбүздү үйүнө мейманга чакырды. Үйүнө бардык. Бизди А.Викторович жубайы менен жаркын маанайда жадырай жайнай тосуп алды. Кустанайдагы Казпединститутунда окуп, өздүк көркөм чыгармачылык ийримине катышып жүргөндө Курманбек Жандарбековдон, Үлбүлсүн Турдукуловадан үйрөнгөн казактын эл ырлары “Гүлзейнеп”, “Сулушаш” аттуу ырларын ырдап бердим. А.Викторович ар бир ырды бир нече жолу кайталатып ырдатып, обондорун, сөздөрүн так жазып алды. Бир жылдан кийин А.Викторович менен Оренбургдан Алманын үйүнөн экинчи жолу жолуктум. Алманын үйүнө келишкен “Комсомол” журналынын редактору Е.Алунгаров менен Смакул Садбакасовдон “Аккайың”, “Камажай”, “Анан көз”, “Мухиттин айдайы” аттуу ырларды жазып алды. Кийин 1925-жылы бизден жазып алган ырларды А.Викторович “Кыргыз элинин миң ыры” деген ат менен Оренбургдан басмадан басып чыгарды. Мен аябай кубанычтын кучагына баттым. Александр Викторовичтин ысымы казак эли, маданияты менен байланышкан. Ошондуктан улуу инсандын ысымын жаркын элесин түбөлүккө сактайбыз".

1925-жылы Затаевичтин Казакстандын ар кандай курактагы, түрдүү кесиптеги түркүн шыктагы инсандарынан, шайырларынан жазып алган обондуу ырлары “Кыргыз (казак) элинин 1000 ыры” деген ат менен Оренбургдан басмадан басылып чыгат. Автордун басмадан чыккан жыйнагы казак элинин музыка сүйүүчүлөрүн, окурмандарын гана таң калтырбастан, дүйнөлүк ысымдагы композиторлорду, акын-жазуучуларды да таң калтырат. Затаевич улуу жазуучу Ромен Ролландын туулган күнүнө карата “Кыргыз (казак) элинин миң ыры” аттуу жыйнагын белекке жиберет. Роллан Затаевичтин катын, жыйнагын алаары менен ыраазы болуп: "Баарынан мурда мени ушундай монументалдуу эмгекти эң оор шартта ачкачылык менен эпидемия каптап турган учурда жүзөгө ашырган чыдамкайлуу күчүңүз, эч качан унутулбай турган эрдигиңиз жана моралдык эркиңиз таң калтырды. Бул музыкалык эрдик эч качан унутулбай турган жан дүйнөнүн мисалы",- деп жооп кат жазат.

Абалтан эле казак эли ар кандай талантка бай экенин туура баамдаган, көзү жеткен Затаевич тим жатып албастан, Казакстандын чалкыган аймактарын аралап, ыр, күүлөрдү жазып алат. Ал чогулткан ырлары, күүлөрү 1931-жылы Алма-Атадан “Казактын 500 ырлары менен күүлөрү” деген ат менен басылып, калкка тартууланат. Затаевич казактын калк жүрөгүнөн түнөк тапкан 50дөн ашык обондорун фортепиано үчүн да иштеп чыгат.

Казак академиги Ахмет Жубановдун Затаевич жөнүндө эскерүүсүнөн:

“Александр Затаевичтин “1000 ыры” казак музыкасына соолбос булак болду. Ар кылдуу дүйнө жүзү казак музыкасы менен таанышты. Ар кылдуу совет композиторлору өздөрүнүн чыгармаларына казактын элдик музыкасын пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышты. Ал аркылуу казак музыкасын кылымдар бою пайдаланууга жол ачылды. Ал аркылуу Казакстанда жаңы музыкалык жанрлар жаралды. Мына А.Затаевичтин эмгектери казак музыкасынын соолбос булактарынан болду дегенибиз ушул. Казактын музыкасына, калкына деген чоң махабаты (сүйүүсү) аркылуу көөнөрбөс мурасты калтырып кеткен орустун улуу адамынын агалык камкордугу ар дайым эсибизде сакталмакчы.”

Ооба, улуту орус болсо да казактын салттык элдик музыкасынын берметтерин калк арасынан чогултуп, келечектин муундары үчүн калтырган Затаевичтин баа жеткис эмгегин казак жетекчилери өз убагында туура баалап, 1923-жылы ага "Эл артисти" деген ардактуу наамды, эки жолу өкмөттүк сыйлыкты ыйгарат.

1928-жыл. Сентябрь айы. Атактуу этнограф, музыка изилдөөчү, композитор, Кыргыз (Казак) Республикасынын эл артисти Александр Викторович Затаевич Кыргыз АССРинин Эл агартуу коммисариатынын чакыруусу боюнча Фрунзеге (Бишкекке) келет. Затаевичтин Кыргызстанга чакыруу менен келишинин негизги максаты кылымдарды кыдырып, ооздон оозго көчө ырдалып, колдон колго өтө чертилип келген кыргыздын элдик обондору менен күүлөрүн калк арасынан, атактуу шайырлардын аткаруусунан нотага түшүрүү, аларды басмадан басып чыгаруу, көп улуттуу өлкөнүн окурмандарына кыргыздын элдик салттуу музыкасынын берметтеринен кооз үлгүлөрүн окурмандарга тартуулоо, тааныштыруу эле.

Александр Викторовичтин келиши менен республиканын баардык булуң-бурчтарынан ордо калаага залкар шайырлар чакыртылат. Затаевич айтылуу комузчу, залкар кыл кыякчы, чоорчу Муратаалы Күрөңкөев баштаган улуу комузчу Карамолдо Орозов, айтылуу Токтогул Сатылганов менен Кызыл Армия көчөсүндөгү жер үйдөн кездешет.

Затаевич болсо Муратаалыны кайра-кайра тарттырып нотага түшүрүп жатты. Тубаса музыкалык эс тутуму күчтүү Александр Викторович Муратаалыдан нотага түшүргөн ар бир күүсүнүн тарыхын да сурап жазып алат. Ал Муратаалыдан баш-аягы тарыхтары менен комуздун, кыл кыяктын, чоордун 51 күүсүн нотага түшүрөт. А. Викторович Мураталы Күрөңкөевдин көп кырдуу шыгына таңданат:

“Муратаалы Күрөңкеев сарыбагыш уруусунан, Чүйдүн Чоң-Кемининде жашайт. Ал комузда, кыл кыякта, чоордо, ал турсун казактын домбырасында да мыкты ойнойт. Атасы Күрөңкөй элге кеңири белгилүү комузчудан болуптур. Муратаалы атасынан комуздун көптөгөн кереметтүү сырларын алган. Анын бүгүнкүдөй ар тараптуу залкар шайырдан болушуна жол ачкан. Сөздүн кыскасын айтканда карыя Муратаалы тажрыйбасынын байлуулугу, акыл-эс дүйнөсүнүн билимдүүлүгү менен музыкалык талантуулуктун чыныгы кенчи, соолбос булагы” – деп жазган.

Затаевич Карамолдодон ар кыл жүрүштөгү, түркүн маңыздагы 31 күүнү жазып алат. Карамолдонун Муратаалыдан, Токтогулдан ж.б. шайырлардан комузду чертүүдөгү өзгөчөлүктөрүн, аспапта күүлөрүн чертип жатканда кандайдыр бир тамаша кошпогон, сабырдуу, токтоо чертерин мүнөздөп келип, Орозовдун “Кеңеш” аттуу күүсү арабча “Насыйкат”, ал Карамолдонун репертуарындагы бирден-бир борбордук күү экенин баса белгилейт.

Александр Викторович залкар шайырлардан күүлөрдү жазып алуу менен бирге ар кыл кесиптеги ышкыбоздордон да элдик обондорду жазып алат. Алсак жазуучу Касымаалы Жантөшевден - 12, акын Абдырасул Токтомушевден 5 обондуу ырларды нотага түшүрөт. Ошондой эле ар кандай иштерде иштешкен Токчоро Жолдошовдон, Абике Дыйканбаевден, Насырымбек Жаналиевден, Султан Кочкорбаевден, Кожокан Рахматов ж.б. да ырдоосунан ондогон элдик ырларды жазып алат.

Затаевич ар кыл шыкка бай Токтогулдун өмүрү, чыгармачылыгы менен кенен таанышат. Токомдун жалган жалаа менен сүргүнгө айдалганын, тартпаган азаптарды, көрбөгөн кордуктарды көргөнүн өз оозунан угат. Токтогулдун чертүүсүндө 18 күүнү угуп, нотага түшүрөт. Александр Викторович Токтогул, Муратаалы, Карамолдодон күүлөрдү чертүү жагынан асман менен жердей айырмаларын, ал ар бир күүсүн шайырланта кол ойнотуп кооздоп чертерин өз көзү менен көрүп, күүлөрүн угат. Затаевичке Токтогулдун күүлөрүнүн ичинен “Тогуз кайрык”, “Миң кыял” аттуу күүлөрү өзгөчө жагат.

Александр Викторович чарчаганына, чаалыкканына карабай эки ай күндүр-түндүр иштейт. Акыры “саргара жортсоң, кызара бөртөсүң” дегендей, Затаевич 1934-жылы Москвадан “Кыргыздын 250 аспаптык күүлөрү жана обондору” аттуу жыйнакты чыгарат. Кыргыз элинин тарыхында биринчи жолу чыккан жыйнак коомчулуктун, маданий чөйрөнүн кызуу колдоосуна алынат.

Кыргыздын профессионалдык музыкасынын негиз салуучуларынын бири Эл артисти, композитор Владимир Власовдун эскерүүсүнөн:

"Мен Кыргызстанга келүүдөн, өзүмдүн чыгармачылык тагдырымды, бактымды кыргыздын профессионалдык музыкасынан табуумдан мурда Затаевичтин “Кыргыздын 250 аспаптык күүлөрү жана обондору” аттуу жыйнагын өтө кунт коюп барактап, элдик шайырлар, күүлөр, ырлар жөнүндө жазган маалымдамаларын өтө берилүү, өзгөчө кызыгуу, артыкча эргүү менен окуп чыктым. Жыйнактын ар бир барагынан жандуу элдик музыкалынын атыр жыты буркурап, кулагыма кереметтүү обондордун, күүлөрдүн кайрыктары жаңырды. Ошентип мен Затаевичтин өткөрө баалуу жыйнагы аркылуу кыргыз музыкасынан өз бактымды таптым. Кесиптештерим Фере, Малдыбаев менен “Айчүрөк”, “Манас” опералары баштаган толгон ар кандай жанрдагы чыгармаларды жаздым."

1936-жыл. Октябрь айы. Ордо калаада өздүк көркөм чыгармачылыктын биринчи олимпиадасы өтөт. Ага республиканын чар тарабынан аткактуу эл шайырлары катышат. Москвадан Затаевич келет. Ал Атайдан, Мусадан, Ыбырайдан, Мыскалдан, Жумамүдүндөн, Абдыластан ж.б. ырчы комузчулардан баш-аягы 170 обонду, күүнү жазып алат.

Эл артисти, ырчы, композитор Абдылас Малдыбаевдин эскерүүсүнөн:

“Атактуу музыка изилдөөчү, композитор Александр Викторович Затаевич менен экинчи жолу жолугушуп отурам. Мени өзгөчө атайын консерваторияны бүтүргөн билими болбосо да табигый кайталангыс музыкалык эс тутумунун күчтүүлүгүнүн, талыкпаган, чалыкпаган эмгекчилдигинин арксында ар бирибизди бетме-бет отургузуп алып кайра-кайра ырдатып, караандай гана угуу, шак эске тутуп калуу менен нотага түшүрүп жазып алып жаткан устатыгы, таланттуулугу таң калтырды. Затаевич биринчи жолу 1928-жылкы жолугушууда менден 11, экинчи жолку жолугушууда 1936-жылы сегиз обонумду жазып алды. Алардын ичинен менин 11 обонумду үн жана фортепиано үчүн иштеп чыкты. Бул жолку жолугушууда Александр Викторович Атайдан 16 ыр, күү жазып алды. Атайдын комузчулук, обончулук чеберчилигине өтө жогору баасын берген эле. Ушундай эле Затаевич Алымкулдун, Мусанын, Жумамүдүндүн кайталангыс чеберчиликтерине да таазим эткен.”

Александр Викторович кыргыз шайырларынан жазып кеткен обондору менен күүлөрүн жыйнак кылып басмадан чыгарам деп күндүр-түндүр кызуу иштеп жаткан кезде “өлүм айтып келбейт” болуп күтүүсүздөн 1936-жылдын декабрь айында дүйнөдөн кайтат. Ошентип Затаевичтин алтынга бергис баалуу эмгеги эч ким тарабынан эске алынай, эстелбей узак жылдар бою жатып калат.

Тек гана музыка изилдөөчү, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек синирген ишмер, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Виктор Сергеевич Виноградовдун түзүүсүндө, редакторлоосунда, менин катышуумда Затаевичтин кыргыздын 428 обондору менен күүлөрүнүн жыйнагы 1971-жылы Москвадагы Бүткүл союздук "Советтик композитор" басмасынан 38 басма табак көлөмдө миң нускада “Кыргыздын аспаптык күүлөрү жана обондору” деген атта басылып чыгат.

Ошентип Затаевичтин көөнөрбөс мурасы көпчүлүккө тартууланат. Тилекке каршы, Затаевичтин алтынга бергис, ат көтөргүс, кыргыз музыкасына сиңирген эмгеги улуттук музыка изилдөөчүлөр, илимпоздор, композиторлор тарабынан бүгүнкү күнгө чейин иликтенбей, баасын ала албай келе жатканы кейиштүү.
XS
SM
MD
LG