Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:24

Нуралыктар Оштун жанына журт которууну каалашат


Нура айылы зилзаладан дээрлик кыйрап калган.

Нура айылы зилзаладан дээрлик кыйрап калган.

Былтыр 5-октябрдагы зилзаладан Алай районунун Кытайга чектеш Нура айылы түгөл кыйраган эле. Учурда кыштактын 200 чакты тургуну журт которууну ойлоп, бийликтен Ош шаарына жакын аймактан жер тилкесин ажыратып берүүнү талап кылышууда.

Облус ордосунан 300, райондук борбордон 220 чакырым алыстыкта жайланышкан Нура кыштагында 179 үй-бүлө, тактап айтканда 789 адам жашайт. Айыл башы Мукамбет Болпоновдун айтымында, эмгекке жарамдуулардын бирин-серини эле чет өлкөгө жылышпаса, көпчүлүгү кыргыз-кытай чегара тилкесинде жайланышкан «Бажы» шаарчасында эмгектенет. Эркектер Кыргызстандын булуң-бурчунан келген ички мигранттарга кошулуп, Кытай машиналарынан оор товарларды түшүрүп-жүктөсө, аялдар тамак бышырып, соода-сатык кылышат.

Сары-Таш айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, учурда Мониев атындагы мектептин мугалими Асылкан Абдырахманованын кебине караганда, кыргыз өкмөтү кырсыктан жабыркагандарга мактагыдай камкордук көрүүдө. Кем-карч жок. Анткени менен жер дале термелүүсүн токтото элек. Ошол себептүү 200 чакты жердеши журт которууну ойлоп, бийликтен Ош шаарына жакын аймактан жер тилкесин ажыратып берүүнү талап кылышууда.

- Бул үйдүн бир корпусун Кызыл-Кыя заводу, эки корпусун Максим Бакиев, бирин Данияр Үсөнов салды. Бул үйлөрдө жашаганга ыңгайлуу, асты сыз эмес, ичи кенен, жарык, ным тартпайт экен. Бирок бир бөлмөгө тыгылып жашап атышат көп үй-бүлөлөр. Ар бир үй-бүлөдөн бирден балабызга Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн айланасынан болсо деле жер берсе жакшы болот эле деп суранып, Бакиевге, губернаторго кат жөнөткөнбүз. Бирөөсүн премьер-министр келгенде бердик эле.

Өзүн Абдыжалил деп тааныштырган жигит бир жылдан бери Кытай машиналары Нурага токтобой Ошко түз каттап, айылдаштарынын басымдуулугу жумушсуз калгандыгын белгиледи. Анын баамында, былтыркы зилзаладан кийин көптөгөн үй-бүлөлөр элеттин катаал шартына таптакыр чыдабай калышты.

- Бизде айлыкты мугалимдер жана дарыгерлер гана алат. Элдин баары бекер. Үйүбүздүн ичинде эч нерсе калган жок, короодо мал кыйрап калды. Кредит жагынан жардам берсе, 1-2 жылда кайра өзүбүз бутубузга турабыз деген ой бар.

Абдыжалил мамлекет жеңилдетилген кредит жагынан каралашпаса, элдин баары чындап көчкөнү калгандыгын кулак кагыш кылды.
Айылдын дагы бир жашоочусу Жусуп Култаев чегара бош калаарынан чочулап бийлик жөнсүз кооптонуп жатат деп эсептейт:

- Жер чындыгында тар, көчүп кетет, миграция болот, чек араны эч ким кайтарбайт деген сөздөр болуп атат. Баары эле көчүп кетпейт.

Ошол эле учурда Жусуп Култаев жердештери менен макулдашылгандай, 200 чакты кишиге шаарга жакын аймактардан жер ажыратуу маселеси чечилбесе, нааразычылык күчөй тургандыгын эскертти.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин өнөр жай, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Сайпидин Момунов жер титирөөдөн жапа чеккендердин жогорудагыдай талабын эми угуп жатышкандыгын билдирди:

- Республикалык, облустук жетекчилер жерине барып айыл тургундары менен сүйлөшкөндө, башка жака көчүп кетпешин жана ушул жерде айылды кайра тикелеп, ушул жерде жашап калуу максаттары бар экенин, мындайча айтканда ата жыйын таштап кетүүнү ниеттери жок экенин билдиргендиктен айылды калыбына келтирүү жумуштары башталган. Башка жерден турак-жай ажыратып берүү боюнча официалдуу түрдө бизге кайрылуу болгон жок. Эгер кайрылуу болгон болсо, мүмкүнчүлүккө жараша башка райондордон, шаарга жакын жерден карап көрүшүбүз мүмкүн.

Облустук бийликтин өкүлү Сайпидин Момунов нуралыктардын Ош шаарынан чекесинен журт которуу жөнундө өтүнүчү четке кагылышы ыктымалдыгын да билдирди.

XS
SM
MD
LG