Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Ооганстандан советтик аскерлер чыкканына 20 жыл толду


Ооганстандан кайтып келаткан советтик аскерлер. 1989-жыл, февраль.
Ооганстандан кайтып келаткан советтик аскерлер. 1989-жыл, февраль.

Бул согушка жети миңден ашуун кыргызстандык катышып, алардын 277 жарадар болуп, 250 каза тапты. Ушул күнгө чейин 4 кыргызстандык дайынсыз.

Ооган жеринде тогуз жыл эки айга созулган апаатка беш жүз миңден ашуун советтик жоокерлер катышып, алардын 14 миңи кайтпай калды. Кыргызстандан болсо, 250 жоокер афган жеринде мертинди.

1995-жылдагы статистикалык эсептөө боюнча Кыргызстанда жети миң бир жүз кырк бир ооган согушунун катышуучусу болгон болсо, 2008-жылдын ноябрындагы эсептөө беш миң сегиз жүз элүү жети жоокер калганын көрсөттү. Ооган согушунун ардагерлеринин көбүнүн жашоо турмуштары оор эле.

Булат Сатыбалдиев ооган жеринде башынан жараат алып, сегиз ай госпиталда жаткан. Учурда республикалык психикалык саламаттык борборунда каттооодо турат. Советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылышына арналган жыйынга Булат Сатыбалдиевдин апасы Үкүн Төлөнкулова келди. Үкүн Төлөнкулова “Азаттыкка” уул-келини, эки небереси болуп мейманкана тибиндеги эски үйдүн бир бөлмөсүндө өтө кыйналып жашап жатышканын айтты:

- Күнүбүз кыйын эле. Уулум иштебейт албетте. Майып. Эки кызы бар. Баарыбыз алты киши мейманкана тибиндеги эски үйдүн бир бөлмөсүндө жашап келатабыз. Өкмөттөн жардам жок. Үйүбүздү келип көрсөңөр, бир керебет араң батып турат.

Полковник Жолой Чынтемиров Афган жеринде 1981-83-жылдары болгон. Ал күндөрдү эстөө албетте оор... Канча жолдоштор кайтпады...:

- Афгандан кайтпай калган жолдошторумду эстөө оор албетте. Согушту эстегим келбейт...

Өткөн жылы Ооган согушуна катышкан ардагерлер коомунда атайын медициналык борбор ачылды. Андан азыркы күнгө чейин алты жүздөн дөн ашык ооганчы медициналык текшерүүдөн өткөн.

- Чечилчү маселелер абдан көп. Ооган согушунда алган ар кандай жарааттардан ооруп жүрүп, биздин катарыбыз да суюлуп баратыптыр. Өткөн жылы Москвага ооган апаатынын беш майыбын операцияга жана протездөөгө жөнөттүк. Алардын ар биринин операция баасы он беш миң доллардан түштү. Дагы төрт афганчыны Москвага жөнөткөнү турабыз,
-деди Кыргызстандын Ооганчылар коомунун төрагасы Нурлан Төрөбеков.

Ооган согушунун дагы бир ардагери экинчи группадагы майып Таалайбек Жалалиддинов Оогансандын Кундуз провинциясында эки жыл согуш талаасында болгон. Советтик жоокерлердин ООганстандан чыгарылышынын жыйырма жылдыгына арналган жыйында Таалайбек Жалалиддиновго “Аскердик эрдиги үчүн” ордени Орусиянын аскер жетекчилиги тарабынан ыйгарылды.

- Мен бул орденди жыйырма жыл күттүм. Мени бул орден менен сыйлоо мен Афганистанда жүргөндө эле жарыяланган эле. Бул эми менин анда көрсөткөн эрдигим болчу. Эми мындай сыйлыктарды тынч күндөрдө эле алалы,-деди Таалайбек Жалалиддинов Азаттык менен ой-пикир бөлүшүп.

Таалайбек Жалалиддинов жыйырма жыл күткөн “Кызыл жылдыз”, “Майдандагы эрдиги үчүн” ордендери менен дагы жыйырма кыргызстандык ооганчы сыйланмакчы. Көрсө, алар жыйырма жыл мурун сыйланып, бирок алыша элек экен. Аларга мындай сыйлыктар Москвада 9-майдын алдында тапшырылат.


XS
SM
MD
LG