Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

К. Бакиев экинчи мөөнөткө президенттик шайлоого барарын жарыялады. Оппозиция лидерлерине козголгон кылмыш иштер соттук териштирүүлөргө өтүүдө. "Манастагы" АКШ базасын чыгаруу маселеси маалкатылууда.

Мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо ким үчүн ыңгайлуу?

11-февралда президент Курманбек Бакиев бир нече жылдан берки алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү. Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өткөн маалымат жыйынында жергиликтүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү гана мурда даярдалган суроолорду берүүгө мүмкүндүк алды. Бирок ага карабай маалымат жыйынында бир топ олуттуу маселелердин башы ачылды.

Маселен, Курманбек Бакиев конституциялык укугунан пайдаланып, экинчи ирет президенттик шайлоого катышарын жарыя кылды:

- Барамын. Себеп дегенде, Конституциянын негизинде укугум бар. Мен ошол укугумду пайдаланышым керек. Бул биринчиден. Экинчиден, эгерде төрт жылга жакындап барататкандан бери жасаган иштерибизде жыйынтык болбой, жакшы көрсөткүчтөргө жетишпей, саясий туруктуулук орнобой, көптөгөн начар натыйжалар болгондо, анда ойлонсок болот эле, кой болбой жатат, кетиш керек деп.

Президенттин шайлоо тууралуу үн катуусу президенттик шайлоо кампаниясынын башталышынан кабар берерин талдоочулар белгилешти. Бирок шайлоонун качан болоору так эмес. Анын мөөнөтүн Конституциялык сот аныкташ керек. Анткени бул жерде чаташкан маселе чыгууда.

Маселен, азыр иштеп турган Конституцияга ылайык президенттик шайлоо келерки жылы болууга тийиш. Анткени Курманбек Бакиев 2005-жылы июнь айында беш жылдык мөөнөткө президенттикке шайланган.

Бирок Социал-демократиялык партия Курманбек Бакиев 2003-жылкы Конституция менен шайланган, ал боюнча президенттик шайлоо быйылкы жылдын октябрь айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлүш керек деп, Конституциялык сотко кайрылууда.

Социал-демократиялык партиядан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев Конституциялык сотко арыз берүүнүн
себеби мындай түшүндүрдү:

- 2005-жылы президенттик шайлоого мына ошол 2003-жылдагы Конституциянын негизинде барган. Ага ылайык, шайлоо быйыл октябрь айында болуш керек. Биз мына ошол Конституциянын талаптары аткарылыш керек деп жатабыз. Эми Конституциялык сот кандай чечсе, ошондой болот. 2010-жылы десе 2010-жылы болот. 2009-жыл десе быйыл октябрда болот.

Өлкө сотторунун бирин жакында эле жетектеп турган белгилүү юристтин пикиринде, президенттик шайлоо мурдагы Конституцияга ылайык, октябрь айынын акыркы жекшембисинде өтүүгө тийиш.

Кыргызстанга эмгек сиңирген юрист, “Ата Мекен” оппозициялык партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоо быйыл күзүндө болуш керектигин бекемдейт:

-Азыркы Конституциянын күчүнө кирүү тартибин аныктаган жобосунда минтип жазылган, президент канча мөөнөткө шайланса, ошол мөөнөтү сакталат деп. Демек, президент шайланып жаткандагы анын мөөнөтү 4 жыл 5 ай болгон. Мына ошондуктан бул мөөнөт сакталат. Эгерде накта юридикалык жагдайларды эске алып, мыйзамга жетектесек мына ушундай болуш керек. Бирок президент айтып жатпайбы, муну Конституциялык сот чечет деп, бирок 2010-жылы болгону туура деп койду. Муну Конституциялык сотко түздөн-түз кысым көрсөтүү катары бааласа болот.

Шайлоонун 2010-жылы эмес, быйыл болушунан ким утат? Оппозиция шайлоого даярбы? Бул суроого Өмүрбек Текебаев мындай жообун берди:

- Биринчиден, таза шайлоо болсо биздин партия ар дайым даяр. Бирок шайлоо ыплас жол менен, мыйзам бузуу менен, криминалдык жана административдик кысымдар менен өткөрүлүп келатат. Бул Бакиевдин шайлоо өткөрүү стили болуп калды. Биз мына ушул мамлекеттик зордук-зомбулукка каршы тура турган ыкмаларды, ошого жете турган күчтү табышыбыз керек. Биз ойлойбуз, эгерде жалпы оппозициялык күч бириксе, зордук-зомбулукка каршы чара көрө алат.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин жашырбай келаткан оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаков мындай пикирде:

- Бүгүнкү начарлаган абал, президенттин кыргыз элинде аброю төмөндөп, социалдык абал курчуп, ал эми оппозиция биригип алгандан кийин президент өзүнүн бийлигин сактап калыш үчүн бир эле жолу бар эле. Ал тез арада шайлоо өткөрүп, оппозицияга убакыт бербей, алардын каражат чогултуусуна мүмкүндүк бербей коюш эле. Ошондуктан булар шайлоону бурмалап, өзүнө чоң пайыздарды ыйгарып алып, уттум деп эл арасында айтууга аттанып калышты, деген Исмаил Исаков оппозиция президенттик шайлоого даяр экендигин, бирдиктүү талапкер менен чыгуу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады.

Социал-демократиялык партия да президенттик шайлоого өз талапкери менен чыгууга даярдыгын билдирген. Партия лидерлери Алмазбек Атамбаев жана Бакыт Бешимов даярдыктары көрүп келатканы да маалым.

Бирок, расмий бийлик үчүн шайлоонун быйыл күзгө коюлушу бир топ ыңгайлуу болушу ыктымал. Анткени бийликтин колунда учурда Россиядан алына турган дээрлик 500 миллион доллар каражат болот. Эгерде Камбар-Ата-1 ГЭСине 1 миллиард 700 миллион доллар инвестиция тартыла баштаса, анда бийликтин иши ого бетер оңунан чыга баштайт.

Оппозицияга кысым...

Президенттик шайлоо кампаниясы деп аталган эң ири саясий өнөктүк башталаар алдында оппозиция лидерлерине каршы кылмыш иштер козголуп, моралдык жактан басынтуулар күч алды.

Азыркы мезгилде Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Исмаил Исаковго каршы козголгон кылмыш иштер тергелип бүтүп, материалдар менен айыпталуучу таанышууда. Азимбек Бекназаровдун уулу Эрнест Бекназаровго каршы кылмыш иши Бишкек милициясы тарабынан козголду.

“Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев мындан жети-сегиз жыл илгери болгон күмөндүү иштер үчүн соттолууда. “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев "президентти шылдыңдадың" деп Башкы прокуратура тарабынан айыпталып, бирок иш сотто кечирим суроо менен аяктады. “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкуловдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал суракка чакырылууда. Жекшенкуловдун жакын тууганы камакка алынды. Ал эми “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди ыплас жолдор менен басынтуу аракеттери тынымсыз көрүлүүдө.

Бул иштердин максатын Өмүрбек Текебаев мындай баалады:

- Жапырт оппозиция лидерлерине жана анын урук-туугандарына иш козгоо, же болбосо башка кысымдарды жүргүзүү бүгүнкү бийликтин шаштысы кеткендигин, ал таза күрөштө элдин пикирине таянып, өз бийлигин сактай албастыгынын белгиси. Ошондуктан булар чыдабастык жол менен оппозициялык ишмерлерди кысынтып, моралдык-психологиялык жактан алсыратуунун, шалдыратуунун айла-амалын кылып жатышат.

Бирок бийлик тарабынан жасалган мындай кысымдарга каршы элдин добушу чыга баштады. Кочкордо жергиликтүү калк Жекшенкуловду коргоо үчүн ар кандай акцияларга чыгууга даярдыгын билдирди.

Алайдан Исмаил Исаковдун тарапкерлери да үн катышты. Алайлыктардын президентке кат менен жолдонгон талабы тууралуу Исаков буларды маалымдады:



- Эгерде Исаковдун артынан аңдуу, кысымга алуу, коркутуп-үркүтүү, жалган жалааларды жабууларды улантыла берсе, жазга чыксак Ак үйгө карай ат жүрүш, автожүрүш жасайбыз. Урматтуу Курманбек Салиевич, Исмаил Исаков өзү, же анын жакындары бирдемке болсо эл алдында керт башыңыз менен жооп бересиз. Алай элинен кайрылуу жазгандар тизмеси тиркелет деп, 481 адам кол койгон.

Бийлик менен оппозициянын ортосундагы мына ушундай каршылашкан жараяндын алдын-алуу үчүн тараптарды сүйлөштүрүүгө Турдакун Усубалиев баш болгон аксакалдар өткөн жумада аракет жасап, аларды мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу кабыл алган. Президент да оппозиция, анын ичинде анын радикалдык канаты менен диалогго даярдыгын билдирген.

Бирок оппозиция лидерлери бийлик менен саясий куугунтукту токтотуу багытында гана сүйлөшүү болуш ыктымалдыгын билдирүүдө.

Демек, тараптар саясий майданда кыл чайнашып, жазгы саясий күрөш, мүмкүндүгү күчөп бараткан күзгү президенттик шайлоого каршыккан бойдон кирип барчудай болуп турат.

Маселе эми оппозициянын президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер менен кире алаар-албасында калып жаткандай. Бирок оппозициянын бир лидердин айланасында баш кошушу кыйындыгы айтылууда.

Азыркы мезгилде оппозиция Бириккен элдик кыймылга жыйналганы менен, анын ичинде кеминде үч-төрт топ бар. Алардын ар биринин өзүнүн максаты жана бет алган багыты бар. Маселен, Текебаев, Жекшенкулов, Шерниязов өзүнчө топ болсо, Атамбаев, Бешимов, Отунбаева өзүнчө топ. Булардан сырткары Исаков, Бекназаров жана Сариевдин өз ара жакындашуу аракеттери жок эмес.

База боюнча чечимди маалкатуунун мааниси эмнеде?

Ички саясатта бийлик менен оппозициянын таймашуусу күчүндө калып турган чакта, тышкы саясаттагы өтө олуттуу маселе болгон "Манастагы" аба базаны чыгаруу толук чечилбей турат.

Алгачкы мезгилде базага байланыштуу маселе токтоосуз чечиле тургандай болгон. Анткени 3-февралда базанын чыгаруу чечими кабыл

алынганы Москвада ачыкталгандан кийин, Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар ошол заматта эле маселени чечүүгө киришүүгө даярдыгын билдирген эле. Аларды шашпоого өкмөттүн парламенттеги өкүлү Мырза Кулматов чакырып, ишти кароону токтотуп койгон.

Натыйжада Жогорку Кенештин комитеттери акырындап маселени кароого өтүүдө. 9-февралда Жогорку Кеңештин Коргонуу,

коопсуздук, тартип жана соттук-укуктук комитети база маселесин карап, аны чыгарууну жактады.

Эмки жумада, 17-февралда парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитети база маселесин карамакчы.

Бул арада база боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын АКШнын маалымат каражаттары байма-бай жаза баштады. Маселен,”Вашингтон таймс” гезити АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Уилиям Бернс баштаган топ 11-февралда Москвага жөнөп кеткенин, сапардын максаты "Манастагы" базаны калтыруу боюнча сүйлөшүү экенин жазып чыкты.

Москванын өзү да Вашингтон менен Ооганстан боюнча кызматташууга даярдыгын билдирүүдө.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мына ушундай шартта базанын тагдырын Кыргызстан эмес, Россия менен АКШ чечет деген пикирде болууда.

Бул ойду коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов бекемдөөдө:

- Ачык эле айтып коеюн, буерде Кыргызстан чечпей калды. Муну ири мамлекеттер чечип калды. Мурда да айтым эле Кыргызстан көкбөрүнүн улагындай болуп калды деп, азыр ошондой болуп жатат. Мына ошондуктан аягына чейин чечим кабыл алынбай калды. Азыр АКШнын чоң адамдары Россияга келиптир. Ошол жерде сүйлөшүүлөр жүргүздү. Анын натыйжасы кийинчерээк билинет. Мен ошону менен эмнени айтат элем, биз эгемендүү, көз каранды эмес мамлекет деп жатабыз. Бирок толугу менен көз каранды мамлекет болуп калдык. Анткени кедейчилик ушул абалга жеткирди.Биз чөгөлөп жүрүп, ортодо калып, биз өзүбүздүн жүзүбүзду жоготуп алдык.

Президент Курманбек Бакиев 11-февралдагы маалымат жыйынында базаны чыгарууга таза экономикалык себептер таасир эткенин, Кыргызстандын база үчүн акыны көбөйтүү талабын Вашингтон укпай койгонун айткан эле.

Демек, АКШ менен Россия ымала тапса жана "Манасты" ижарага алганы үчүн АКШ Кыргызстанга көбүрөөк акча төлөй турган болсо, анда чечим өзгөрүп, база калат деген ой мына ошондон пайда болуп жаткандай.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG