Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Венесуэла Чавестин президенттикке шайлануу мүмкүнчүлүгүн аныктайт


Бүгүн (15-февралда) Түштүк Американын түндүгүндө жайгашкан өлкө - Венесуэлада өткөрүлө турган референдум президент Уго Чавестин президенттик үчүн чексиз ирет ат салыша алаар-албастыгы тууралуу маселеге чекит коймокчу. 2007-жылы дал ушул маселе боюнча өткөн жалпы элдик референдумда венесуэлалыктардын көпчүлүгү “жок” деп жооп беришкен, бирок бул жолу солчул президент Чавес калайыктан колдоо таап калышы ажеп эмес. Эгерде мекендештери ага кайрадан “жок” деп жооп берчү болсо, анда Чавес 2013-жылы кызматтан кетүүгө тийиш.
1998-жылы алгачкы жолу президент болуп шайланган Уго Рафаэл Чавес Фриас (Hugo Chavez, толук ысымы - Hugo Rafael Chávez Frías, 1954-жылы туулган) дүйнөдөгү авторитардык режимдер менен карым-катнашты чыңдап, өлкөдө социалисттик түзүлүштүн “чавестик” вариантын курууга талаптанууда. 2002-жылы апрелде аны бийликтен кулатуу максатында жасалган кутум майнапсыз аяктаган. Чавес 2006-жылы декабрда жаңы мөөнөткө президенттикке шайланган.

XS
SM
MD
LG