Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Б. Наргозуев: Президент эки жолу шайланууга укугу бар


“Президент Курманбек Бакиев төрт жылдан бери оппозициянын ачуу айткандарына карабастан баарына чыдап, Кыргызстанды ызы-чуудан стабилдүүлүккө алып келди”, - деп Жогорку Кеңештеги “Акжол” фракциясынан депутат Бегалы Наргозуев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында Курманбек Бакиев акыркы жылдары Кыргызстанда жаңы жолдордун салынышын көзөмөлдөп, жол түйүндөрү боюнча өлкөнү коңшу мамлекеттерден көз каранды эмес кылып, ири Камбар-Ата – 1,2 ГЭСтерин куруга бел байлай алды. “Жана башка көзгө илинээрлик алгылыктуу иштери менен өзүн татыктуу президент катары далилдеди. Ошондуктан Курманбек Салиевичтин экинчи мөөнөткө барууга толук укугу бар деп эсептейм”, - дейт депутат. (ES)

XS
SM
MD
LG