Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:24

Бишкекте Ооганстанда курман болгон жоокерлер эскерилди


1979-89 – жылдарындагы Ооган согушунда курман болгон жоокерлерди эскерүү борбор калаанын “Ататүрк” сейил багында өттү. Совет жоокерлеринин Ооганстандан чыгарылгана быйыл туура жыйырма жыл болду. Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри, райондордун акимдери жана согуштун ардагерлери катышышты. Кыргызстандан Ооган согушуна жети миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн эле. Алардын 259 тогузу курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Беш жүздөн ашууну майып болуп кайтышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG