Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Иранда бир адам өзүн парламент имаратынын алдында өрттөп жиберди


Иран парламентинин төрагасы Али Ларижани өз жанын өзү кыйган адамды мурдагы кылмышкер катары сүрөттөп, бирок толук маалымат берген жок. Айрым массалык маалымат каражаттары өзүн өзү өрттөп жиберген адам 1980-жылдардагы иран-ирак согушунун ардагери экенин жана парламент депутаттары анын маселесин чечүүдөн баш тарткан соң ушундай кадамга барууга мажбур болгонун ишембиде кабарлашты. Иранда согуш ардагерлери урматталып келет, бирок алардын айрымдары азыркы өкмөттү ардагерлердин көйгөйлөрүнө анчейин көңүл бурбай жатат деп сынга алып келишет. Иранда жарым миллиондон ашуун согуш майыптары бар.

XS
SM
MD
LG