Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

Ричард Холбрук Ооганстанда иш сапарын аяктоодо


АКШнын Ооганстан жана Пакистандагы жаңы өкүлү Ричард Холбрук бүгүн Кабулда ооган президенти Хамид Карзай менен маалымат жыйынын өткөрдү. Президент Карзай ушул тапта расмий Вашингтон менен мамилеси курч болуп турганын айтты.
АКШ президенти Барак Обама Карзайдын өкмөтүн калк менен байланышы бекем эмес деп сынга алган. Обама жакын арада Ооганстанга кошумча 25 миң жоокер жиберип, талиптерге каршы күрөштү чыңдоо тууралуу чечим кабыл алышы күтүлүүдө.
Холбрук менен Карзай жакын арада ооган делегациясы Вашингтонго барып, талиптик жоочуларга каршы күрөштүн жаңы тактикасын талкуу кыла турганын бүгүн билдиришти.
Буга чейин Пакистанда болгон Холбрук өз сапарын Индияны көздөй улантат.

XS
SM
MD
LG