Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

БЭКтин юристтери куугунтукту токтотуу талабын коюуда


Бириккен элдик кыймылдын юридикалык бюросу Кыргызстандын Башкы прокурору, Мамлекеттик катчысы, президенттик администрациянын жетекчиси кирген жумушчу топко саясий куугунтук күч алгандыгын далилдеп берүүгө даяр. Мындай маалымат аталган бюронун төрагасы Мукар Чолпонбаевден алынды. Бюро оппозициядагы саясатчыларга ачылган кылмыш иштерине эч кандай укуктук негиздер жок экендигин жана алардын саясий көз караштары үчүн кысым жасалып жаткандыгын юридикалык документтердин негизинде далилдеп берүү үчүн бийликке жолугушууга чакырган кат жөнөткөн. Бийлик өкүлдөрү ага макул болушуп, жолугушууга даяр экендиктерин билдиришкен. (BD)

XS
SM
MD
LG