Линктер

жума, 20-январь, 2017 Бишкек убактысы 11:51

Өкмөт Кызыл-Кыя цемент заводун бүтүрүүгө кызыкдар


Ушул жылы кыргыз өкмөтү Кызыл-Кыя шаарында жаңы цемент заводунун курулушун аягына чыгарат. Мындай милдет өкмөттүн ушул жылдагы иш планына киргизилип, ага 70 миллион доллар сарпталары көрсөтүлгөн. Өкмөт планына ылайык мындай каражатты Шанхай кызматтык уюмуна кирген Кытай бөлөт жана ушул жылы ал жаңы завод 300 миң тонна цемент чыгарат деп болжолдонууда. Долбоор боюнча ал заводдун жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу жылына бир миллион тонна цемент чыгарат. Аны куруу демилгеси президенттик администрациянын азыркы жетекчиси Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер министр болуп турган кезде катуу көтөрүлүп, кийин басаңдап калган болчу.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG