Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

Белгилүү укук коргоочу Рамазан Дырылдаев адам укуктарына байланышкан өлкөдөгү жагдай жана соңку коомдук-саясий кырдаал тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Рамазан мырза, ушул апта ичинде Коомдук Ордо Кеңеш алгачкы жыйынын өткөрүп, төрагасын жана анын орун басарларын шайламакчы болуп жатат. Сиз Коомдук палатанын түзүлүшүн кандай кабыл алдыңыз?

- Мен Коомдук Ордо Кеңешин түзүү жөнүндө президенттин жарлыгы менен таанышмын. Анын курамындагы адамдардын тизмесин дагы карап чыктым. Бирок тилекке каршы Орусиянын мындан эки-үч жыл мурда В. Путин түзгөн коомдук палатасы бар го. Мына ошол сыяктуу эле болуп калат деген ойдомун. Себеби дегенде, өткөн Акаевдин бийлиги деле, азыркы бийлик деле эл үчүн кызмат кыла турган бийлик болбой калды. Бул Коомдук палата деле ошол бийликтин көзөмөлүндө болуп, бийликтин кызыкчылыгын көздөп калат. Анткени ал жерде көз карандысыз укук коргоочулардын бирөөсү дагы көрүнгөн жок. Анын курамына кирбей деле калышы мүмкүн эле. Менимче, Коомдук палатага элдин ишеничи болбойт го деп турам.

- Жакында Акыйкатчы өлкөдөгү адам укугу боюнча жылдык билдирүүсүн жасаганы жатат, азыркы тапта Кыргызстандагы адам укуктарына кандай баа бересиз?

- Эми Акыйкатчы кандай баа берерин көрө жатарбыз. Салыштырып көрсөк буга чейин Аскар Акаевдин доорунда биз Кыргызстанда адам укугу бузулуп жатат деп жар салып айтып чыкканбыз. Дүйнө коомчулугу муну көп сындап келген. Эми ошол эле эң жаман деген Акаевдин убагына салыштырганда анын доорунда бирин-экин көз карандысыз телевидение бар болчу, радио, бирин-экин гезит бар эле. Азыр анын бардыгы жок болду го. Анан анын баары жок болгону аз келгенсип, мына адамдардын биринчи укуктарынын бири болгон тынч чогулуп митинг же пикет уюштуруп өз оюн эркин айтуу укугунан ажырады. Бир эле мисал, мына Максим Кулешов деген Токмоктук жигит ар бир жума сайын өз оюн билдирейин деп ак үйдүн жанына жалгыз өзү же бир-эки киши менен чыгат. Аны милиция кызматкерлери топ болуп келип кармап алышып, камап да коет.Ушунун баары Кыргызстанда адамдын укугу эң төмөн деңгээлге жеткенин айгинелеп турат. Азыр элдин турмушу барган сайын кыйналгандан кыйналып, эч кандай жылыш болгон жок. Оңолгон жок.Анын үстүнө элдин үрөйү учуп калыптыр, жанагы жаңы Салык кодексти кабыл алышып, ал кодекс менен элдин тармагынын бардыгын салык менен чырмап салат экен.

- Президент Бакиев 11-февралда журналисттер үчүн маалымат жыйынында өлкөнүн келечеги үчүн ар кандай партиялар менен диалог түзүүгө даяр экендигин билдирбедиби. Мына ушундан кийин оппозиция менен президенттин ортосунда бетме-бет сүйлөшүүнү күтүүгө болобу?

-Жок. Болбойт да. Мына үч жыл болду го жаңы бийликтин келгенине. Ошондон бери көрүп келатпайбызбы кандай сөз болуп, анан жыйынытыгы кандай болуп жатканын. Эсиңерде болсо керек 2005-жылы жаңы бийлик келгенде филармонияда чоң форум болгон. Ошол форумда мен чыгып айткам. Кантип бул киши (К.Бакиев авт.) демократиялык өлкө кура алат. Дайыма Аскар Акаевдин жанында жүрсө. Ошол кишиге кошомат кылып шайлоонун барын фальсификация кылып жүрсө. Анан ошол эле жол менен кетебиз да. Демократия болбойт деп айткам.

- Ошол маалымат жыйынында өлкө башчысы К.Бакиев президенттик шайлоого барарын айтып, анын мөөнөтүн Конституциялык сот кандай чечсе ошого жараша болот деди. Айрым талдоочулар президенттик шайлоо быйыл октябрь айында болушу мүмкүн экендигин айтып чыгышты. Буга сиздин пикириңизди билсек?

- Эми бул бийлик өздөрүнө кандай ыңгайлуу болсо президенттик шайлоону качан да болсо өткөрө беришет. Мына ушул Конституциялык сот алардын ыңгайына карата чечим чыгарып берет. Шайлоо деген эмне? Шайлоо деген Кыргызстандын турмушунда формалдуу нерсе болуп калды. Шайлоо эч кандай чындык менен өтпөйт. Жалаң фальсификация жолу менен өтөт. Кыргызстанда 20 жылдан бери калп эле шайлоо болду демиш болуп, кайта эле бийликке отургузган заман болуп келатпайбы. Буга таң калуунун кажети жок.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG