Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Коомдук палатага эл арасында ишеним аз


26-январда президент Курманбек Бакиев Коомдук Ордо Кеңештин 45 адамдан турган курамын бекиткен
26-январда президент Курманбек Бакиев Коомдук Ордо Кеңештин 45 адамдан турган курамын бекиткен

Коомдук Ордо Кеңеш ушул аптада алгачкы жыйынын өткөрүүсү күтүлүүдө. Айрым байкоочулар Жогорку Кеңеш турганда бюджеттен ири каражат жумшап Коомдук палата түзүүнүн кажети жоктугун айтышууда.

Коомдук Ордо Кеңеш бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө болуп, элдин көйгөйүн, пикирин президенттин өзүнө жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, деген ишенимде аталган палатанын мүчөсү, Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев:

-Коомдук Ордо Кеңешинин түзүлүшүн эки жактуу караса болот. Биринчиден, Жогорку Кеңешке көпүлүк эл ишенбей жатпайбы. Демек азыр коомдук палатанын азыркы тизмесин карасаңыздар негизинен түз айта турган адамдар көп болуп жатат. Кеңештин жобосунда дагы ушундай жазылган. Эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө сыяктуу болуп, элдеги болуп жаткан окуяларды түз эле президентке айтылсын деген маани жазылган. Ошол үчүн ошого биз макулдук бергенбиз.

Дүйшеев белгилегендей, Коомдук Ордо Кеңешке өз көз караштарын ачык айтып, калыстык менен иш кылыша турган элге таанымал инсандар чогулушкан.

Коомдук палатанын иши майнаптуу болот дешип, анын курамына өзбек диаспорасынын өкүлүн киргизүү сунушу менен Кыргызстандагы өзбек улутунун өкүлдөрү дагы бийликке өтүнүч кат жолдошкон эле.

Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар бюджеттен ири каражат жумшап, коомдук палатаны түзүүнүн кажети жоктугун, ага кеткен каражатты мугалимдерге, социалдык жактан аз камысз болгондорго, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бөлсө пайдалуу болмок деген көз караштарын айтышууда.

Ал эми мурдагы парламенттин депутаты Бегиш Ааматов болсо бийлик Совет биримдигиндегидей коомдук палата түзүү менен элдин көңүлүн алагды кылып, карапайым калк менен иштешип жатабыз дегендей жасалмалуулукка барып жатат деген ойдо.

-Бизде Жогорку Кеңешке “Ак жолду” деле дайындап койбодубу. Ошондой эле кеп. Бул эми ошону туурагандык.

Бегиш Ааматов Коомдук Ордо Кеңеш элдин көйгөйүн чече турган абройлуу, адилет орган болуп кетерине ишенбестигин кошумчалады:

- Мен таптакыр бул уюмга ишенбейм. Анткени бизде кошоматчылар көп. Себеби туулганда эле кошоматчы болуп туулат экенбиз. Ким токоч берип койсо эле ошонун сөзүн сүйлөй берет. Эл шайлаган жок. Ошондуктан элдин үнүн ким укмак эле. Эгерде эл шайласа элдин үнүн угузганга жарамак. Анан булар элдин көйгөйүн, элдин муңун, элдин үнүн айтышпайт да. Ким дайындаса ошонун айтканын жасап отура беришет. Ошондуктан бул кезектеги эле бюрократтык нерсе.

26-январда президент Курманбек Бакиев Коомдук Ордо Кеңештин 45 адамдан турган курамын бекиткен. Бийлик менен элдин ортосундагы алаканы чыңдоо максатында түзүлгөн палатанын курамы Үсөн Сыдыков, Ишенбай Абдыразаков, Мукаш Базаркулов, Кубанычбек Сыйданов, Валерий Диль, Жаңыл Түмөнбаева, Сабыр Жумабеков, Владимир Нифадьев, Турар Койчуев, Калык Мамбетакунов өңдүү коомчулукка таанымал инсандардан турат.

XS
SM
MD
LG