Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Социал-демократиялык партиянын БШК менен соту уланууда


Партиянын адвокаты Галина Скрипкинанын “Азаттыкка” бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, кезектеги соттук териштирүү 19-февралда болот. Белгилүү болгондой Борбордук шайлоо комиссиясы 2007-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында бюллетендердин жашыруун сырларын партиянын өкүлү ачыктап салды деп, сотко кайрылган. БШК тарткан зыянын 18 миллион сом деп баалап, аны партиядан өндүрүп берүү талабын койгон. Соттук териштирүүлөр өткөн жылдан бери уланып келатат. Мына ушул жаңжалга байланыштуу социал-демократиялык партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсалов өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG