Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Александр Ким “Агымды” сатып алды


Бул тууралуу “Вечерний Бишкек”, “МСН” сыяктуу орусча гезиттердин ээси Александр Ким “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Анын айтымында, “Агымды” сатып алуу ал үчүн жеңил-желпи иш болгон жок. Көпкө чейин ойлонулуп кабыл алынган чечим болду. Александр Ким кыргыз тилинде чыга турган жаңы гезит ачууну көздөп жүрүп, бирок аягында элге таанылып калган “Агымды” сатып алууну чечти. “Агым” газетасы мындан ары саясий жактан токтоо, борбочул багытта болот. Жалпысынан “Вечерний Бишкек” жана “МСН” гезитинин саясий багыты кармалат. Азырынча гезит жумасына бир жолу чыгып турат. Жазга карай эки жолу, андан кийин бара-бара күндөлүк гезитке айлантуу аракети жасалат. “Агымдын” алдыңкы журналисттеринин бири Алым Токтомушевдун гезитти башкы редакторлугуна дайындалышы караштырылып жатат. “Агым” гезитин кезинде Мелис Эшимканов уюштуруп, аны кийинчерээк Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев сатып алган эле. “Агым” гезити жоопкечилиги чектелген коом, ошондуктан ал толугу менен мага караштуу болуп калды,-деп белгиледи Александр Ким.(AiT)

XS
SM
MD
LG