Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:29

“Мээрим Булагынын” балдары ачкачылык жарыялаганы жатат


Ысык-Көлдүн Түп районундагы “Мээрим Булагы” балдары үйүнүн тарбиялануучулары мындай кадамга өкмөттүк комиссиянын иш-аракеттерине нааразыланып барышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган балдар үйүнүн деректири Гүлнара Дегенбаева билдирди. Анын айтымында, бүгүн аларга Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина баштаган топ келген. Топ курамындагы Акыйкатчынын өкүлү деген документ алып жүргөн Макарова аттуу аял эшиктин алдында турган балдарга үйдү тартып алабыз, деп айткан. Ушундан кийин балдар ызы-чуу салып кымгуутка түшкөн. Макарованы тыткылаганга чейин барган. Балдарды эч ким токтото албай койду, акыры комиссия кетип кутулду, дейт Г. Дегенбаева. Бул окуяны уккан “Мээрим Булагынан” тарбияланып кеткен балдар ачкачылык жарыялай тургандыгын билдирген. Нааразылык акцияга балдар үйүнүн кызматкерлери да кошулганы жатат. Буга чейин Балдарды коргоо департаменти менен Балдар укугун коргоочулар лигасы “Мээрим Булагынын” деректири тарбиялануучуларын мыйзамсыз өлкөдөн сыртка алып чыгууда, диндерин алмаштырууда, деп айыптап Баш прокуратурага кайрылган, кылмыш иши козголгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG