Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

17-февраль: Тарых барактары


Кыргызстан колхозчуларынын I курултайы 1931-жылдын 17-февралында ишин аяктаган. Герцог Филипп Кайрымдуу 1454-жылдын 17-февралында Константинаполь шаарына крестүү жортуул уюштурууга ант берген. Айтылуу географ жана зоолог, Борбордук Азиянын көрүнүктүү изилдөөчүлөрүнүн бири - Григорий Ефимович Грумм-Гржимайло 1874-жылдын 17-февралында жарык дүйнөгө келген.

Мындан туура токсон жыл мурун, 1919-жылдын 17-февралында Пишпек уезддик элдик депутаттар кеңешинин I курултайы ишин баштаган. Курултай ачылышы Пишпектеги Советк бийлигинин орнош күнүнүн урматына ыроолонгон. Анткен менен майрамдык маанай курултайга келген депутаттар тарабынан бузулган.

Курултайга чогулган 90 депутат чогулуш адеп башталганда эле бири-бирин айыптоого өтүшкөн. Пишпектик большевик-коммунисттердин лидери Иваницын менен депутаттар кеңешинин Аткаруу комитетинин төрагасы Швец-Базарный ортосунда башталган кайым айтышуу курултайдын ыркын бузган. Пишпектик большевик-коммунисттердин лидери Иваницын, Швец-Базарныйды солчул эсерлердин партиясын жоюп, «Беловодскидеги ак гвардиячылардын козголоңун» баштагансың десе, Швец-Базарный аны «сен турмуштан артта калгансың» деп айыптаган.

Кыргыз областтык саламаттык сактоо бөлүмү менен облсоцстрахкасса биргелешип 1928-жылдын 17-февралында борбор шаардагы профсоюз мүчөлөрүн толук каттоо туурасында чечим кабыл алышкан. Эки тармак чыгарган чечимдин максаты, шаардык жумушчулар менен кызматкерлердин саламаттыгын текшерип алардын арасынан татыктуу профсоюз мүчөлөрүн санаторий, курортторго жиберүү болгон.

Кыргызстан колхозчуларынын I курултайы 1931-жылдын 17-февралында ишин аяктаган. Фрунзе шаарында өткөрүлгөн курултайдын иши үч күнгө уланып, анда колхоздоштуруу ишин жандандыруу маселеси талкууланган.

Герцог Филипп Кайрымдуу 1454-жылдын 17-февралында Константинаполь шаарына крестүү жортуул уюштурууга ант берген. Герцог буга чейин түрктөр басып алган Константинополь шаарын бошотуп, кайырдиндерди ыйык шаардан кууп чыгам деген убадасын аяган эмес. Герцогдун антты калктын делебесин козгоп, бул күнү майрамдык салтанат өткөрүлгөн. Анткен менен анын француз королу менен араздашуусунан улам, герцогдун антты аткарылбай калган.

Россия падышасы Анна Иоанновнанын башкаруу маалында адамдын аброюна шек келтирген ар түркүн маскарапоз оюндар өткөрүлүп келген. Императрицанын кезектеги шылдыңына кабылган князь М. А. Голицын 1740-жылдын бул күнү калмак маскарапозу А. Буженинова менен муздан курулган сарайда «үйлөнүү үлпөтүн» өткөрүшкөн. Өчөшкөнсүп бул күн күнкү суук - 45 градуска төмөндөп, үйлөнүү тойго ылайык кийинген «жаш жубайлар» аз жерден тоңуп кала жаздашкан.

Павел I аскер реформасына каршы пикирин билдирген фельдмаршал А. Суворов 1797-жылдын 17-февралында кызматтан кетирилген.
Англичандардын 3 миң аскери 1843-жылдын 17-февралында индиялык мусулмандардын 30 миң колун Миани согушунда тыптыйпыл талкалаган.

Россия ак падышаларынын Кышкы дворецинда 1880-жылдын 17-февралында бомба жарылган. Александр II өмүрүнө ийгиликсиз жасалган кол салууну эл эрки-революциалык кыймылынын өкүлү С. Н. Халтурин уюштурган. Ал ак сарайга жыгач уста болуп ишке орношуп, падышанын ашканасынын алдындагы подвалда жашоого уруксат алган. Халтурин жашаган жерине бир канча ирээт динамит ташууга үлгүргөн. Халтурин падышанын түшкү тамакка келишине чактай динамитти жардырган. Бирок ал күнү падыша түшкү тамакка кеч келгендигине байланыштуу кутум ийгиликсиз аяктаган.

«Америка үнү» 1957-жылдын 17-февралынан тарта Советтер Союзуна радио берүүлөрүн уктуруп баштаган.

Айтылуу географ жана зоолог, Борбордук Азиянын көрүнүктүү изилдөөчүлөрүнүн бири - Григорий Ефимович Грумм-Гржимайло 1874-жылдын 17-февралында жарык дүйнөгө келген. Григорий Ефимович Борбордук Азиянын географиясы жана байыркы калктардын этникалык тарыхын изилдөөгө зор салым кошкон. Г. Е. Грумм-Гржимайлонун «Западная Монголия и Урянхайский край.» аттуу таанымал эмгегинде кыргыздардын орто кылымдагы тарыхы туурасында баалуу маалымат камтылат.

Электрондук жазма машинканын жана жазма машинкаларды чыгаруучу америкалык ири өнөр жайчы Томас Уотсон 1874-жылдын 17-февралында жарык дүйнөгө келген.

Андан үч жыл өткөн соң, айтылуу француз генералы жана Германия менен бекемделген чекке Мажино аталышын берген Андре Мажино 1877-жылы 17-февралда төрөлгөн.
XS
SM
MD
LG