Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Жалал-Абаттагы спортчулар президенттик шайлоонун быйыл өткөнүн жакташат


Спортчулардын «Ак каркыра» аттуу коому Кыргызстан калкына кайрылуу жасады. Мындай маалымат коомдун төрагасы Кадырбек Бечеловдон алынды. Анын айтымында, коомдун бир жарым миңдей мүчөсү жыйын куруп, президенттик шайлоону ушул жылдын аягында өткөрүү жана анда өлкө башчысы К.Бакиевдин талапкерлигин колдоого өлкө калкын чакырды. "Биз президенттин өлкөнү өнүктүрүү саясатын кубаттайбыз жана 2010-жылга К.Бакиевдин президенттик кызматы менен кирүүбүз керек»,- деп айтты Кадырбек Бечелов. «Ата мекен» партиясынын Кочкор-Ата шаарындагы координатору Канатбек Эрбаев Бакиевди шайлоочулардын 90 пайызы колдобой коюшу мүмкүн, бирок Бакиев мыйзам бузуулар, административдик ресурс аркылуу кайра шайланышыу ыктымал» деген божомолун «Азаттыкка» билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG