Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

Чүйдө ушул айдын этегинен тарта жазгы талаа иштери башталат


Бул туурасында губернатордун орун басары Калыбек Жыбыкеев «Азаттыкка» билдирди. «Учурда аймактагы жазгы айдоо-себүү иштерине даярдык жүрүүдө. Болжолдуу бул айдын аягы менен жер айдоо башталат. Былтыркы жылы Чүйдөгү 252 миң гектар аянтка буудай себилип, бирок кургакчылыктын кесепетинен буудайдын түшүмдүүлүгү төмөн болуп калган. Быйыл дан эгиндери былтыркыдай эле аянка айдалаары болжонуп жатат»,- дейт К. Жыбыкеев. Ал эми көбүн эсе кант кызылчасын сепкен Панфилов районундагы дыйкандар быйыл кызылча дээрлик себилбей калышы мүмкүн экенин айтышат. Себеби жергиликтүү бийлик аймактагы кант кызылчасын иштетүүчү заводдордун жетекчилиги менен дале бир пикирге келише элек. (JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG