Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Уго Чавес референдумду жеңди, бирок кийинки шайлоону жеңе алабы?


Уго Чавес бери дегенде дагы мөөнөт үчүн президенттик шайлоого катышууга мүмкүндүк алды.
Уго Чавес бери дегенде дагы мөөнөт үчүн президенттик шайлоого катышууга мүмкүндүк алды.

Венесуэладагы жалпы элдик референдум президент Уго Чавес үчүн жеңиш менен аяктады. Чавес баштаган "социалисттик ыңкылабын" аягына чыгаруу үчүн 2012-жылкы шайлоого катышарын дароо эле жарыялап салды.

Венесуэланын Конституциясы боюнча буга чейин бир адам эң көп дегенде эки мөөнөткө гана президенттикке шайлана алуучу. Бир мөөнөт алты жылга эсептелген. Уго Чавестин экинчи мөөнөтү 2012-жылы аяктамак. Ал ушундан кийин да бийликте калууну көздөөрүн буга чейин такай айтып келген. Мамлекет башчысынын кызмат мөөнөтүнө коюлган чектөөнү алып салуу сунушун Чавес жалпы элдик референдумга алгач 2007 –жылы алып чыккан эле. Бирок анда калк бул демилгени көпчүлүк добуш менен четке каккан.

Ал эми бул ирээт мамлекеттик шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, бюллетендердин 94%ы саналганда эле сунушту шайлоочулардын 54,3%ы колдогону анык болду. Добуш берүүгө болсо шайлоого укуктуу 17 миллион адамдын 11 миллиондон ашууну же 67%ыдайы катышкан. Алардын 6,300, 594 "ооба", 5,040,082си "жок" деп добуш берди.

Чавес президент болуу мүмкүнчүлгүн узартуудагы максаты катары "социалисттик ыңкылаптын" жетишкендиктерин бекемдөөнү атап келди.

Борбор Каракастагы президенттик сарай алдында референдум оң натыйжа менен аяктагандыгы тууралуу кабарды Чавестин жактоочулары кыйкырык - сүрөөн, фейерверк атуу менен тосуп алды. Президенттик сарайдын балконунан сүйлөгөн учурунда Чавес патриоттулук, тарых, Кудай жана ар-намыс жөнүндө сөз кылды:

-Патриоттордун ар-намысы патриоттуулукту жээригендердин ар намысын жеңди! Өжөрлүк жеңди! Биз боштондукка чыгарган атабыз Боливарды эстейбиз. Ал Кудай жеңишти өжөрлүккө ыйгарат деп айткан. Венесуэланын калкы бүгүн бүткүл дүйнөгө өз шооласын чачууда, демократиялык жана революциялык каармандыгын көргөзүүдө. Дүйнө ушул шооланы жана Симон Боливардын адамдарын көрсүн!

Уго Чавес эскерген Симон Боливар 19-кылымда Түштүк Америкада испан коллонияларынын жоюлушу үчүн күрөштүн жетекчилеринен болгон.

Бир эсе ич ара ажырымынан улам да Чавес менен аттандаша албай калган оппозициячыл партиялар акыркы референдум өлкөнү диктатурага алып барарын, бирок анын жыйынтыгын талашпай тургандыктарын билдирди.

Президент Чавестин Бириккен социалисттик партиясы "социалисттик ыңкылап" саясатын мындан ары да уланта алар -албасы алдыда бир катар экономикалык факторлорго көз каранды. Бекер билим берүүнү, медициналык тейлөөнү, өкмөттүн турак-жай программаларын каржылоо өлкө өндүргөн мунайдын бир баррели кеминде 60 долларга сатылат деген божомолдорго негизделген. Мунай баасы болсо азыр 40 доллардын гана тегерегинде жана глобалдык экономикадагы төмөндөө уланып жаткан шартта, баа жакын арада көтөрүлчүдөй эмес.

Буга кошумча инфляциянын дегээли Венесуэлада жылына 31%ды түзөрүн жана бул жагына ал Латын Америкада көч башында турарын эске салган байкочуулар, Чавестин эл жактырган бирок өтө эле кымбат программаларынын турмушка жарамдуулугунан күмөн санашат.

Венесуэланын оппозициясы болсо президент долбоорлорун каржылоо үчүн өлкөнүн чет элдик валюта коруна кол салышы мүмкүн деген кооптонуусун буга чейин эле билдирген.

Айтор Чавес жакырлардын турмушун жакшыртуу жөнүндөгү убадаларын аткара албаса, кадыр –баркынан тез эле ажырачыдай. Бийликтеги буга чейинки он жылында ал карманган популисттик саясат жумушчу класстын көп катмары үчүн пайдалуу деле болгон жок жана аларда көңүл калуу маанайы бар экени азыркыга чейин эле байкалган.

Буга кылмыштуулуктун жогорку деңгээлине жана чиновниктер арасындагы коррупцияга иренжинүү бар экенин кошкондо, Чавес 2012-жылы жаңы мөөнөткө жеңил-желпи эле шайлана албашы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG