Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Венесуеладагы референдум президент Уго Чевес үчүн жеңиш менен аяктады


Өлкөнүн шайлоо комиссиясы билдиргендей, жекшемби күнкү референдумда президенттин бийлик мөөнөтү үчүн коюлган чекти алып салуу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү добуш бергендердин 54 пайызы жактады. Ал эми добуш берүүгө болсо шайлоого укуктуу калктын 67 пайызы катышкан.

Президент Уго Чавес өзү атагандай "социалисттик ыңкылаптын" жетишкендиктерин бекемдөө үчүн ал бийликтеги экинчи мөөнөтү 2013-жылы аяктагандан кийин да мамлекет башчылыгында калууну көздөөрүн буга чейин эле билдирип келген.

Венесуэланын оппозициясы президенттин бийлик мөөнөтүнө коюлган чектин алып салынышы өлкөнү диктатурага жакындатарын белгилөөдө. Бирок кечээги референдумдун жыйынтыгын талашпай турганын да маалымдашты.

XS
SM
MD
LG