Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:20

Британия менен Франциянын суу алдында жүрүүчү кемелери кагылышкан


Британ маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Франция менен Британиянын суу алдында жүрүүчү, өзөктүк ракетасы бар кемелери ушул айдын башында Атлантика океанында сүзүшкөн. Кабарларга караганда, 3же 4-февралда болгон бул окуя учурунда эки кеме тең жабыр тарткан.

Британиянын коргоо министрлиги океан алдынджа жогорудагыдай кырсык орун алган албагынын ырастай элек. Бирок Франциянын аскер –деңиз күчтөрүндөгү булактар эки кеменин сүзүшүүсү "өзөктүк куралдын коопсуздугуна эч качан шек келтирбей турганын" белгилешкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG