Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Пакистандын Сват чөлкөмүндө шарият мыйзамы киргизилет


Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, мындай кадам Талибанга байланышы бар согушкерлерди тынчтантуу үчүн жасалууда. Пакистандын Түндүк Батыш чек ара провинциясынын маалымат катчысынын билдиргенине караганда, Малаканд деген аймакта шариятка ылайык келбеген мыйзамдардын баары токтотулат. Малаканд аймагына Сват өрөөнү да кирет.
Жогорудагыдай чечим талибанчыл согушкерлердин жергиликтүү лидерлери менен өкмөттүн сүйлөшүүсүнөн соңунан кабыл алынган.

Сват өрөөнү Пакистан башкааласы Исламабаддан 130 чакырымдай түндүк-батышта жайгашкан жана учурда аймак согушкерлер тарабынан көзөмөлдөнөт.

Согушкерлер менен түзүлгөн келишим алардын кайрадан топтолуусу үчүн гана мүмкүндүк берет деп эсептеген АКШ буга чейинки келишимдерди сынга алган.

Ал эми Пакистандын жарандык өкмөтүнүн көз карашында согушерлерди жалаң күч менен гана жеңүүгө болбойт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG