Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Хиллари Клинтон алгачкы чет элдик сапарын баштады


Ал бүгүн Жапония башкааласы Токиого келди. Бул сапарынын алкагында Клионтондун Индонезияга, Түштүк Кореяга, жана Кытайга да барары белгиленген. АКШнын Мамлекеттик катчысы Азиянын лидерлери менен сүйлөшүүлөрүндө глобалдык каржы кризисин жана коопсуздук маселелерин талкуулары күтүлүүдө.

Хиллари Клинтон Токиого келердин алдында Түндүк Корея ал атагандай космос программасынын алкагында узак аралыкка учуучу ракетасын сыноого даярданып жатат деген маалыматтар тарады.

АКШ Мамлекеттик катчысы Пхеньян экономикалык жана башка жардам алган шартта өзөктүк программасын жоюу жөнүндөгү буга чейинки милдеттемелерин кармануусу керектигин эскертти.

XS
SM
MD
LG