Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:09

Пакистандын бир аймагында шарият мыйзамы киргизилет


Пакистандык расмий өкүлдөр, саясий жана диний лидерлер талибанчыл колбашчы Моулани Суфи Мохаммадын делегациясы менен сүйлөшүүдө. Пешевар, 16-февраль, 2009-жыл.

Пакистандык расмий өкүлдөр, саясий жана диний лидерлер талибанчыл колбашчы Моулани Суфи Мохаммадын делегациясы менен сүйлөшүүдө. Пешевар, 16-февраль, 2009-жыл.

Пакистан ооган чек арасына жакын турган аймагында шарият мыйзамы киргизилүүсүнө макул болду. Түндүк-Батыш чек ара провинциясынын бийликтери аймактагы исламчыл согушкерлерди тынчтандыруу үчүн алардын жолбашчылары менен мына ушундай макулдашууга жетишти. Пакистанды антитеррордук согуштагы башкы өнөктөшү катары санаган АКШ өлкө бийликтеринин мындай кадамын кубаттачудай эмес.

Ушул дүйшөмбүдө жетишилген макулдашууга ылайык, шарият мыйзамы Пакистандын Сват өрөөнүндө жана ал курамында турган Малаканд аймагында орнойт. Түндүк-Батыш чек ара провинциясында башкаруучу саясий уюм катары саналган Авами улуттук партиянын лидерлеринин бири Хашим Бабардын айтымында, провинциянын өкмөтү жактырган бул чараны саясий партиялардын көбү өзүлөрүнүн куралтайында же жиргасында бекитти.

Хашим Бабар "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде макулдашууга президент Асиф Али Зардари жана аскерий жетекчилер ак батасын бергенин кошумчалап, бирок шарият мыйзамы киргизилүүсүнүн башкы шарты - аймакта тынчтык өкүм сүрүүсү керектигин белгиледи:

- Макулдашуунун биринчи жана эң маанилүү жобосу Низам –е-Адал Малаканд аймагында ишке ашырылат. Биздин провинция буга макул болду. Бирок биз муну жалпысынан Малакандда, өзгөчө Сват өрөөнүндө ок атышуу токтогондо гана киргизерибизди айттык жана бул шартты согушкерлер кандай болгон күндө да бузбоосу керек. Демек бул үчүн эки күнбү, эки айбы же эки саат талап кылынганына карабай, ок атышуу толук токтогондо гана Низам –е- Адал ишке ашырылат.

Алдыда айтылган Низам –е- Адал - сот адилеттүүлүгүнүн шарият мыйзамы боюнча аталышы. Макулдашууга ылайык, Пакистандын Түндүк-Батыш чек ара провинциясынын бийликтери ошол Малаканд аймагы менен Сват өрөөнүндө шариятка негизделген сотторду - казылыктарды уюштуруусу керек.

Уруулар жашаган Сват өрөөнүндөгү динчилдер бул чөлкөм Пакистанга кошулууга аргасыз болгон акыркы кырк жылдан ашуун мезгилден бери эле секулярдык мыйзамдар шарият мыйзамы менен алмаштырылуусу үчүн күрөшүп келген. Эми алар өз мурасына жеткендей. Бирок маселенин башка өңүтү да бар.

Анткени шарты кандай болбосун Пакистандын бийликтери аймактагы согушкерлер менен түзгөн келишимдердин бири да буга чейин толук сакталган эмес. Пешевар университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Ияз Хан азыркы макулдашуунун келечегинен да күмөн санайт:

- Мен бул мурдагы макулдашуулардан абдан айрымаланып кетет деп ойлобойм. Алар макулдашууну жана ага катар ок атышуу токтогонун кечээ жарыялашты. Бирок бул жарыя жасалган күнү экстремисттер бир мектепти талкалашты. Армия али бул жерде жана алар аракетин токтото элек.

Пакистандын Түндүк-Батыш чек ара провинциясынын башкы министринин Пешевардан кабарчыларга дүйшөмбү күнү айтканына караганда, коопсуздук күчтөрү аймакта кала берет, бирок алар жооп чара талап кылынса гана аракеттенет.

Түндүк-Батыш чек ара провинциясынын бийликтери келишим түзгөн Моулана Суфи Мохаммаддын оң миңдей ыктыярчысы бар деп эсептелинет. Ал Талибандын катарында АКШ баштаган күчтөр 2001-жылы Ооганстанга басып киргенден бери эле согушуп келүүдө.

Анын күйөө баласы Моулана Файзулла - Сват чөлкөмүндөгү талибанчыл согушкерлердин жолбашчысы жана Талибандын Пакистандагы бөлүмүндө анын колбашчысы Байтулла Мехсуддан кийинки экинчи адам катары саналат.

Дүйшөбү күнү макулдашууну утурлай ушул жекшембиде ал он күнгө ок атышууну токтоторун жарыялады. Пакистандын өкмөттүк күчтөрү Моулана Файзуллага каршы аскерий операцияны 2007-жылы эле баштаган, бирок ийгиликке жете алган жок. Андан берки уруштарда миңдеген адам каза тапты, жүз миңдегендери жер которууга аргасыз болду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG