Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

БЭК президенттик шайлоо алдындагы аракетин салмактоого киришти


Эгер быйыл президенттик шайлоо өткөрүлө турган болсо Бириккен элдик кыймыл жергиликтүү шайлоо комиссиялардан тартып Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн 30 пайызын оппозициянын өкүлдөрү түзсүн деген талапты коет. Мындай чечим кыймылдын саясий бюросунун кечээ кечинде өткөргөн жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Аликбек Жекшенкулов билдирди. Саясий бюро андан тышкары март айында региондорго чыгып, эл менен жолугушуу чечимине келди. Саясий бюродо президент Курманбек Бакиевдин журналисттерге берген маалымат жыйыны жана президенттик шайлоо өткөрүлө турган болсо оппозиция кандай аракеттерди көрүү керектиги да талкууга алынды.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG