Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Жетим балдар ачкачылык жарыялоого барышты


Кечээтен тарта “Мээрим булагы” аттуу балдар үйүнүн 9 тарбиялануучусу жана11 кызматкери ачкачылык жарыялашты. Мындай маалыматты балдар үйүнүн жетекчисинин жардамчысы Айнура Мамытова таратты. Анын айтымында, ачкачылык жарыялоого балдар үйү мамлекетке кайтарылып, тарбиялануучулар ар кайсы балдар үйүнө таратылат деген маалымат түрткү берди. Жетим жана ата-энелик укугунан ажыратылган үй-бүлөлөрдүн 47 баласы тарбияланып жаткан бул жалгыз жеке менчик балдар үйү боюнча чатак бир топ жылдан бери уланып, анын жетекчиси Гүлнара Дегенбаевага каршы Башкы прокуратура балдардын укугун жана каржы мыйзамдарын бузган деген кине менен кылмыш ишин ачкан.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG