Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

А.Орозбаков: АКШ базасы боюнча маселе калыс каралыш керек эле


"Кыргызстан патриоттору" партиясы да өз курултайын өткөрүп, өлкөдөгү коомдук-саясий абалга баа берип, кайрылуу кабыл алды. Ушул курултайда каралган маселелер боюнча партия төрагасы Алмаз Орозбаков "Азаттыктын" түз обосунда кеп салып берди.

- Курултайда өлкөдөгү саясий-экономикалык абал менен кошо "Манастагы" аскерий аба базага байланыштуу да маселе каралса керек.

-Ооба, өлкөдөгү саясий-экономикалык абал боюнча көз караштар айтылып, сунуштар дагы болду. Ал эми "Манас" аба базасы боюнча биздин пикирибиз мындай болуп жатат. Дүйнөлүк кырдаал боюнча Орусия, Америка, Кытай, Ирандын кызыкчылыгы Кыргызстанга артылып калган маалда бийлик өлкөбүздүн аброюн көтөрүп алса боломок. Мисалы, эгерде мыйзамдуу парламент болгондо, ал жерде отурган депутаттар элдин чыныгы өкүлдөрү болгондо Жогорку Кеңеш реалдуу чечим чыгарса туура болмок. Бул маселе эми парламенттин комитеттеринде каралып жатат.

- Авиа база боюнча силердин партиянын көз карашы кандай?

- Биз дайыма калыс чечим чыгарганды, элибизге, жерибизге пайдалуу нерселерди жасаганды жакшы көрөбүз. Ошондуктан бийлик мындай чечим чыгарса болмок. Мисалы, ошол эле Орусия, Американын башчыларынбы, өкүлдөрүнбү чогултуп туруп бир келишим түзгөндө болмок. АКШны силер Кыргызстандын аба аймагында учактарыңардын күнүгө учуусун, базадагы жоокерлердин санын азайткыла, ЖККУ силер дагы учагыңардын учуусун азайткыла деген талаптарды коюшу керек эле. Анткени Ысык-Ата районуна барганда Канттагы Орусиянын аскер учактары учурулгандан бери балдардын арасында оору көбөйгөнүн, түшүм аз алынып, экология бузулгандыгын айтышууда. “Калк айтса калп айтпайт” деген кеп бар эмеспи. Албетте муну адистердин катышуусундагы комиссия иликтеп, текшерип чыгышы керек. Мындай дооматтарды "Манас" аба майданынын тегерегиндеги тургундар дагы коюшууда. "Манас" аба базасы боюнча бийлик эл аралык байланыштарга доо кетирбегендей чечим чыгарышы керек эле.

- Курултайда кабыл алган кайрылуунун маани маңызына токтоло кетсеңиз?

-Биз кайрылуунун багытын иштеп чыктык. Ишемби күнү партиянын сасяий кеңеши чогулуп, кайрылууну тактап туруп президенттик администрацияга жолдойбуз. Кайрылууда парламентибиз президент айткандай чогуу иштешип, Кыргызстан эли үчүн пайдалуу иштерди жасаса, бийликтин иштерин мактай бербей калыс пикирин айтса деген ойлор камтылган. Мына жакында эле Коомдук палатага элдин, партиялардын өкүлдөрү кирсин деди эле, биз дагы ага эки талапкерибизди көрсөткөнбүз. Коомдук палатанын тизмесин карап көрсөк тилекке каршы баягы бийликке ыктаган эле адамдар киргизилиптир.

- Силердин партия Бириккен элдик кыймылга кошулабы?

- Биз алар менен сүйлөшүп көргөнбүз. Бирок алардын максаттары башкача экен. Биз болсо алыбызга жараша реалдуу нерселерди ишке ашырууга аракет кылабыз. Ошондуктан биз БЭК менен бирикпейбиз.

- Маегиңизге рахмат

XS
SM
MD
LG