Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

Манастагы база маселесин ЖКнын эки комитети карайт


Парламенттеги Эл аралык иштер жана парламенттик байланыш комитети жана Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитет бүгүн Манастагы АКШ базасын чыгаруу тууралуу өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорун карайт. Буга чейин Жогорку Кеңештин Коопсуздук, коргонуу жана тартип боюнча комитети бул маселени карап, базаны чыгаруу тууралуу өкмөттүн сунушун колдоп берген эле. Өкмөт АКШ менен кошо Манаска аскер жайгаштырууга укук берген 11 өлкө менен түзүлгөн келишимдерди да денонсациялоону парламентке ишемби күнү сунуштаган. Өкмөттүн бул чечими парламентте караларын убактысы аныктала элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG