Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Күттүргөн жаз да келет...


Баары жазды күтүшүүдө. Жакыр эл жаздан жакшылыкты тилейт. Жарык көргөн гезиттер да ушул тууралуу жазып чыгышты.

“Ачык саясат” гезити “Жагымсыз жаз айы же даталуу март айы” деп аталган макала басып, оппозиция лидерлеринин баарынын аттарын атап келип, “Булар эмне үчүн бир лидерге бириге алышпайт?”, “Кимиңер лидер болосуңар?” деген суроого: “Убагы келгенде жооп беребиз” дешет деп, андан аркы сөзүндө: “Өлбөгөн жанга жаз келет” дегендей жаз жакындап калды, кыргыз тарыхында жаз өзгөчө мааниге ээ деп белгилеп, 2000-жылдын 14-мартындагы Кара-Буура, 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы-Бозпиек, 2005-жылдын 24-мартындагы “ыңкылап” окуяларын окурмандардын эсине салган.

Баяндамачы Абдубахав Мониев өз макаласында Өмүрбек Текебаевге каршы компания “чоң казаттын” башы гана экенин, ага кастарын тиккендер Бакиевдердин үй-бүлөсү же анын айланасындагы мыкчыгерлер менен гана чектелбесин, арасында эртең президент болом деп оолуккан саясатчылар Д.Үсөнов менен А, Мадумаров өңдүүлөрдүн “Текебаевди талкаласак” дегенде “эки көзү төрт” экенин кеп кылган.

Ал эми Кыргызстанды Бакиев башкарган үч жарым жыл аралыгында өлкөдө авторитардык диктатура орногону, И. Чудинов техникалык премьер-министр болсо, министрлер “марионеткалары” экендиги эчкимге жашыруун болбой калгандыгы эркин журналист Үсөн Касыбековдун “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” аттуу макаласында сөз болгон.

Гезит булардан сырткары КР президенти К. Бакиевге “Алайлыктардын ачык катын” басты. Үзүндү келтирели: “Чыныгы эл баатыры Исмаил Исаковдун артында коргоп алар опол тоосу - Алай журту, жалпы эле кыргыз эли турат. Алдын ала ачык эле эскертип коелу, эгерде Исмаил Исаковдун артынан аңдуу, кысымга алуу, коркутуп-үркүтүү, жалган жалаа, жарлык тагуу, мындан да жаман ыплас иштерди уюштурууну бийлик уланта берсе, жазга чыксак Ак үйгө “Ат жүрүш”, “Авто жүрүш” жасайбыз. Урматтуу Курманбек Салиевич, И. Исаков же анын жакындары бир нерсе болсо, эл алдында керт башыңыз менен жооп бересиз” деп аяктаган ачык каттын аягы: “Бардыгы 481” адам деп бүткөн.

“Аалам” гезити кочкорлуктардын кайрылуусун басып чыкты. Президент К. Бакиевге, башпрокурор Э. Сатыбалдиевге багышталган кайрылуу:”Бакиев бийлиги канчалык жан алакетке түшпөсүн Кочкор элин, Кочкордон чыккан Аликбектей уулун эч качан коркута албайт. Эл аралык аброю бар уулубузду мамлекеттик машинанын тебелендисине салып бербейбиз. Жекшенкуловдорду коргоо комитети” деп аяктаган.

Ушул эле гезит “туугандар” деген рубрика алдында “Кыргызстандагы сарт-калмактар” деген макаланы окурмандарга тартуулады. Бакыт Мурзалиев аттуу автор аталган макаласында “калмактар” деген түрк тилинен которгондо “калдыктар” дегенди түшүнтөрүн, т.а. калмактар исламды кабыл албаган ойроттордун калган бөлүгү экендигин, учурда Кыргызстандагы сарт-калмактардын саны 10 миңге чукулдап барарын, кыргыздардын айрым урук-уруулары да түбү калмактарга тектеш деген “шектенүүлөр” барын, маселен, экс-президент Аскар Акаев “калмак” уруусунан чыккан деп жүрүшкөнүн баяндаган. Ал андан ары улуттук аң-сезим ойгонуп, эл өз “түбүнө тартып” турганын, бүгүн Бишкектин өзүндө 120га жакын калмак үй-бүлөлөрү жашарын, айтылуу “Кател” фирмасын түптөгөн Салават Исаков, республикадагы эң ири соода өнөржай тобунун башдеректири Жеңишбек Адылов, “Интуристтин” башдеректири Туратбек Хамзеев, “Метролог” фирмасынын деректири Кубат Носинов ж.б. калмак элинин Кыргызстандагы чыгаан уулдары болорун жар салды.

Буга улай баяндамачы Жолдошбек Зарлыкбековдун: “Кыргызды тарам-тарам бөлгүңөр эле келип турат” деген макаласы жанаша жарыяланды. Автор маркум Салижан Жигитовдун: “Көлдөгү Челпек, Бөрүбаш айылдарындагы сарт-калмактардын түбүн иликтесе, түбү кыргыз, илгери жоокерчилик доордо калмактардын колуна түшүп калмакча сүйлөп калыптыр” деп айтканын эске салып, ошондуктан бул айыл адамдары “биз калмакпыз” деп айткандан уялышы гана керек. Кыргыз ансыз да уй бөйрөгүндөй аз калкпыз” деп жазат.

“Кыргыз туусу” гезити “Шабдан баатырды каралаган окумуштуулар сот алдында жооп беришсин” деген ат менен Жапаркул Токтоналиевдин макаласын окурмандарга сунуш кылды. Аты эле айтып тургандай автор: “Кокон ханы Малабекти өлтүргөн, кыргызга кылыч көтөргөн” деп кылмыштуу жалааларды жарыялап, Шабдан Жантаевдин адамдык баркына, тарыхтагы ордуна көө жапкан Омор Сооронов сотко берилет. “Шабдан өз кызыкчылыгы үчүн кыргыз жерин башкага берип жибергенин кантип унутабыз” деген жалган жалаасы үчүн Кусейин Исаев да сот алдында жооп берет. Шабдан баатырдын өмүрүн жана ишмердигин тарыхый документтердин негизинде изилдеп, бул улуу адамдын ишмердиги жөнүндө илимий жана көркөм чыгармаларды жазып жүргөн адам катары анын кадыр-баркын соттун кароосунда коргоого даяр экендигимди ырасмий түрдө билдирем” деп жазат анысында.

Гезит мындан тышкары С. Жигитов тууралуу акын Бактыгүл Чотурованын баянын, тарыхчы Аблабек Асанкановдун “Кытайлык кыргыздарга саякат” макаласынын уландысын, профессор Үмүт Култаеванын мамлекеттик тил маселесинин проблемалары тууралуу айтып бергендерин окурмандарына сунуш кылды.
XS
SM
MD
LG