Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Кыргызстанда азыр “бейтарап партиялар” деген түшүнүк жок


"Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, учурда оң-сол, же бейтарап болуш үчүн биринчиден ошол партиялар идеологиялык жактан күчтүү болуш керек. Чыңдалган партия гана бөлүнүп иш жүргүзө алат. “Ал эми Кыргызстанда азыр бийликке да, оппозицияга да кошулбай ортодо турабыз деген түшүнүк жок. Оппозицияга кошулуп таяк жебейин, бийликке кошулуп тил укпайын дегендердердин көбү орточулдарбыз деп чыгышат”, - дейт ал. Жоомарт Сапарбаев учурда бийликке да, оппозицияга да кошулбайбыз деген “Кыргызстан патриоттору” партиясынын учурунда коомдук парламентте, фронтто да мүчө болуп жүргөндүгүн белгилеп, алардын азыр “ортодо турабыз” деген оюна түшүнбөй жаткандыгын билдирди.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG