Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:44

Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров оппозициялык бул кыймылдын акыркы чечимдери жана мындан аркы аракеттери тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Азимбек мырза, эгерде жашыруун болбосо БЭКтин кечеги саясий бюросунда каралган маселелердин негизгилерине токтоло кетсеңиз?

- БЭКтин саясий бюросунун жыйыны акыркы мезгилдерде Кыргызстанда болуп жаткан саясий өзгөрүүлөргө жараша болду. Анда айрыкча президенттин мүмкүн мөөнөтүнөн мурда шайлоого барып калуу маселеси тууралу сөз болду. Мына президент айтып атпайбы, мен керек болсо Конституциялык Соттун чечимине ылайык шайлоого барышым мүмкүн деп. Бирок Конституциялык Сотто президенттик шайлоо качан болот деген маселе али карала элек, эч ким ага арыз да бере элек экен. Биз кечээ ошону тактадык. Анткени мурда Социал-демократтар партиясы бул сотк ушундай жолдомо жөнөткөнү айтылды эле. Кечээ Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев жана Иса Өмүркуловдор айтты, биз андай жолдомо катты берген жокпуз деп. Биз Социал-демократтардан президенттин ушундай ыплас оюндарына аралшпоосун сурандык. Мүмкүн берсе “Ак жол” партиясы берсин, силер Эшимканов менен Карабековдун кейпин кийип калбагыла кийин дегендей өтүнүчүбүздү бердик, алар азырынча андай арыз беришпегенин айтышты.

- Эгерде президенттик шайлоо октябрь айында өткөрүлө турган болсо Бириккен элдик кыймылдагылар бир топ, бир саясий бирикме болуп барабы, же партия-партияларга бөлүнүп өздөрүнчө барышабы?


- Эгерде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрөм, мен дагы барам десе, мен ойлойм, айрыкча бул маселеде биздин Революциялык кыймылдын салымы чоң деп. Себеби мөөнөтүнөн мурда кетиңиз, сиз президент болуп мындан ары иштөөгө моралдык укугуңуз жок деген маселени биз койдук эле. Мындан кийин БЭК дагы ушул эле маселени коюп, март айында Кыргызстан боюнча нааразычылык акциясын өткөрөбүз деп жаткан элек. Бирок президенттин бул чукул бурулуусу биздин коюп аткан маселени ары-бери жагын карап, ойлонууга мажбур кылды. Ошого байланыштуу биз ар кандай тактикалык маселелерди кечээ карап чыктык. Эгерде президент ушул жылы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрөм дей турган болсо, биз да өзүбүздүн бирдиктүү талапкерибиз менен баруу маселесин карадык. Шайлоо өткөргөнгө чейин Шайлоо кодексин азыркыдай калтырбай өзгөртүп алуу керек. Себеби билебиз да шайлоо өткөнү менен Бакиевге добуш береби, бербейби, анын жер-жерлерде административдик ресурстары каалаган добуштарды жыйнап беришет. Биздин максат Бакиевге берилген гана добушту так тактап берүү. Ал эми башка талапкерлерге элдин көпчүлүгү берген добушту топтоп алуу маселе болот. Ушул багытында кандай иш чараларды жасайбыз, ушул жөнүндө кечээ сөз болду, бул мындан ары дагы уланмакчы.

- Кыргызстан Элдик революциялык кыймылдын билдирүүсүндө Исмаил Исаков жана Азимбек Бекназаровду жок кылуу боюнча кылмыш топторуна жана атайын кызматтарга тапшырма берилген деп айтылыптыр. Бул канчалык негиздүү?

- Ошондой кабарлар бизге түшүп атат, өзүбүзгө дагы келип атат, бизге санаалаш бир топ саясатчыларга да айтылат экен, “этият болсо, ушундай маалыматтар бар, расмий булактардан да угуп атабыз” деген сөздөр. Биздин өзүбүздүн телефонго да чалып атышат, “этият болуңуздар, жогорку жактан түз ушундай буйруктар берилип атат, эмне үчүн алар ушул убакытка чейин жүрөт дегендей буйрук берилип жатат”, деген абдан катуу сөздөр айтылып жатат. Айрыкча бизге түз болбосо дагы биз менен санаалаш бир топ саясатчыларга тынчсыздануу менен ушундай кабарларды берип жатат экен. Эми бул бийликтен баардыгын күтсө болот, биз андан көп деле коркуп, чочуп деле калбайбыз. Болгону эскертип койдук, кокус бир нерсе боло турган болсо деп. Мындан мурда деле эскерткенбиз.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG