Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Манас авиабазасында иштеген кыргыздар база убактылуу экендигин билет


Депутат Кабай Карабековдун "Азаттыкка"билдиргенине караганда, 8 жыл мурун бул база киргизилип жаткан учурда, ал Кыргызстанда убакылуу гана ишмердүүлүгүн жүргүзөөрү аныкталган болчу. “Ал жерге кыргыз жарандары жумушка орношуп жатканда иш убактылуу болоору аларга эскертилген. Азыр алар базанын жабылышына даяр болуш керек”,-дейт ал. Карабеков айтуусунда, эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташтык комитети базаны чыгаруу чечимин колдошту. Эми алар бейшемби күнү бул чечимди Жогорку кеңешке сунушташат. Кабай Карабековдун билдирүүсүндө, парламент өзүнүн чечимин өкмөткө жиберет. Ал эми өкмөт бул чечимди коалицияга кирген 12 өлкөгө жибергенден кийин, келишим боюнча база Кыргызстандын территориясынан 6 айдын ичинде чыгып кетиши керек.(AzK)

XS
SM
MD
LG