Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Т. Акамбаев: Жалал-Абаттагы лицейде уулануу болгон эмес


Жалала-Абаттагы кыргыз-түрк лицейинин 38 окуучусу өткөн жуманын соңунда тамак-аштан ууланып, областык ооруканага түшкөнү тууралуу маалыматтар болгон эле. Ошол эле учурда жергиликтүү билим берүү тармагынын өкүлдөрү эч кандай уулануу болбогонун айтышууда. Бул маселенин тегерегинде Жалал-Абат шаарынын башчысы Тилек Акамбаев “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.

- Тилек мырза, ушул окуянын чоо жайын комиссиянын төрагасы катары өзүңүздөн уксак?

- 14-февралда эртең менен саат тогузда, паркта Ооган согушуна катышкандар менен митинг өткөрүп жаткан учурда, мага шаардын санврачы маалымат берип калды, кыргыз-түрк лицейинде балдар “ичибиз ооруп жатат” деп “тез жардам” чакыртышкан экен. Мен ошол замат эки орун басарымды лицейге жөнөттүм, барып эмне болгонун өз көзүңөр менен көрүп чара көрүп тургула деп. Өзүм болсо митингди бүтүрүп жарым саатан кийин барып калдым. Лицейдеги балдардын арасынан “ичим ооруп жатат” деген 38 баланы ооруканага жөнөткөнбүз. Ооруканадан дарыгерлер балдарды кылдаттык менен текшерип, 4 гана баланы ооруканага жаткырышкан, калган балдарга тиешелүү дары-дармектерди бергенден кийин, балдардын ич оорусу токтоп, 1-2 сааттын ичинде бардыгы лицейге кайтып келишкен.

Калган 4 баланын бири сасык тумоо (ОРЗ), үчөөсү “күптү болгон” (желудочное растройство) деген диагноз менен ооруканага жаткырылган. Алардын үчөө кечээ ооруканадан чыгышты, бир гана сасык тумоо менен ооруган бала ооруканада бүгүнкүгө чейин. Лицейдеги калган балдар баары эле жакшынакай, тамактарды ошол эле күнү ичип, окуусун окуп жатышат. Азыр өкмөттүн тапшырмасы менен билесиздер комиссия түзүлгөн, Саламаттык сактоо министрлиги менен Билим министрлигине тапшырма берилген экен, алар бүгүн учуп келип текшерип, жыйынтыгын чыгарат.

- Балдарда тамактан уулануу деген эч кандай диагноз жокпу?

Мен бир нерсеге таң калам, биздин белгилүү интернет сайттар, белгилүү телеканалдар ушунчалык сенсация кууп, кээде маалыматты апыртып жиберишет. Бир жоопкерчиликти сезишпейт. Мисалы уулануу менен күптү болгондун айырмасы өтө чоң да. Ошол маалыматтар бирөөнүн тагдырына зыян келтирип коюшу мүмкүн деп ойлошпойт. Мен азыр айткан маалыматымды ушул бойдон өкмөткө, Саламаттык сактоо министрлигине, Илим, билим министрлигине да бергенбиз 38 баланы текшерүүгө жөнөткөнбүз, анын ичинен төртөө жатып калды деп. Ал эми интернет сайттар болсо, ошол эле маалыматты бурмалап, 38 бала ууланыптыр, анан кичинекей тамга менен алдына кошуп коюп атышат, төртөө ооруканага жаткан деп. Ошону менен бир күн кечке элди дүрбөлөң кылып жатканына мен абдан кейийм. Биздин шаардык комиссия ошол эле күнү түзүлгөн болчу, 4 жолу комиссияны чогултканбыз лицейдин өзүндө.

Ал жерде тамак-аш тармагында иштеген он адамдын баардыгынын санитардык китепчелери бар экен. Ошого карабастан биз аларды прокуратурага текшертели деп тапшырганбыз. Ошол жерден бүт тамак-аштын үлгүлөрү санэпидстанцияга текшерүүгө жөнөтүлгөн. Билесиздер да, кыргыз-түрк лицейи жеке менчик окуу жайлардын катарына кирет. Буларды башкарган Бишкекте “Себат” деген бирикмеси бар, анын вице-президенти кечээ учуп келди. Азыр толугу менен өздөрүнүн ичинде да текшерип атышат. Мен ойлойм, бир күн мурун, жума күнү катлет менен пюре жешкен экен, котлеттин этин күнүмдүгүн күндө алышат экен. Ал эми түндөсү 12ден эртең мененки 6га чейин электр кубаты өчүрүлгөнүнө байланыштуу картошканын бир бөлүгүн түндөсү, бир бөлүгүн эртең менен даярдадык эле деп айтып атышат. Биздин ошол картошка пюреден күмөнүбүз бар.

- Шаардагы башка мектептердин, жогорку окуу жайлардын ашканаларынын санитардык абалы кандай?

- Биз дайыма бул маселени көңүлүбүздүн борборуна коюп, текшерип келебиз. Мисалы ошол эле кыргыз-түрк лицейин алсак, декабрь айында менин тапшырмам менен шаардык билим берүү бөлүмү эки комиссия түзүп, кыздар лицейин дагы, балдар лицейин дагы текшергенбиз. Ошол текшерүүнүн жыйынтыгы менен мен 17-декабрда эки директорду чакырып эскертүү бергенбиз, тамак-ашты жакшырткыла, ассортиментти оңдогула, балдардан арыз түшүп атат, тамак-аш начарлап кетти, тойбой калдык деген. Бирок санитардык абал боюнча сөз болгон эмес, себеби ал жагынан даттануулар, же начар деген сөздөр болгон эмес. Ошондой эле бүгүндөн баштап эки күн кыргыз-түрк лицейинде облустук олимпиада өтүш керек эле. Ошого облустун жалпы балдары келген үчүн 3-февраль күнү биздин санэпидемстанция бул лицейдин ашканасын толугу менен текшеришти.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG